Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Бейөкмөт уюмдар шайлоодо добуштарды жашыруун санашат


БИШКЕК. Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдарынын ассоциациясы 27-февраль күнү өлкөдөгү шайлоо участкаларында добуштарды саноону жашыруун түрдө жүргүзөт. Бул тууралуу аталган уюмдан 16-февралда бидиришти. Ассоциация тарабынан учурда парламенттик шайлоого 2 миң көз карандысыз байкоочу даярдалууда. Андан сырткары 3 миң адам добуштарды эсептөө иштерин жүргүзүшөт. Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясы өлкөнүн дээрлик бардык облустарында шайлоонун өтүшүнө байкоо салышат. Уюмдун өкүлдөрү тарабынан шайлоо күнү катталган мыйзам бузуулар боюнча актылар түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясына жолдолот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG