Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

А. Масалиевдин ысмын ыйгаруу маселеси комиссияда каралат


БИШКЕК. Бишкек шаарынын Октябрь районунун аталышын Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери, маркум Апсамат Масалиевдин ысмына өзгөртүү азыркы шарттарга ылайыксыз. Мындай пикирлер 16-февралда өткөн Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы топонимика жана ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын жыйынында айтылды. Буга чейин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Октябрь районунун аталышын Масалиев району деп өзгөртүү жөнүндөгү токтомун кабыл алган. Комиссиянын өкүлдөрү белгилешкендей, өлкөнүн «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, административдик-территориалдык бирдиктердин, географиялык объектилердин, көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү Жогорку Кеңештин эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шаардык кеңештин ыйгарым укуктарына кирет. Октябрь районуна Масалиевдин ысмын ыйгаруу маселеси эми президенттин алдындагы Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмерлеринин ысымдарын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясында каралат.

XS
SM
MD
LG