Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

КИОТО КЕЛИШИМИ КҮЧҮНӨ КИРДИ


Бүгүнтөн тартып Киото келишими күчүнө кирди. Япониянын орто кылымдагы борбору Киото шаарында мындан сегиз жыл мурда кабыл алынган эл аралык протоколдо атмосферага газ чыгындыларын чыгарууну азайтуу чаралары каралган. Келишимди 140тан ашуун мамлекет,алардын ичинде өнөр жайлуу отуз өлкө ратификациялады. Кошмо Штаттары адегенде келишимге кошулган,бирок кийин андан чыгып кеткен.Вашингтон документте аныкталган чаралар АКШнын экономикасына эпсиз чыгым алып келет деп эсептейт.

Киото келишими толук өлчөмдө аткарылган күндө деле,адистердин эсептерине ылайык, планетада казандай кайнап бараткан климатты 0,1 градуска төмөндөтөт.

Ошентсе да “Киото доорунун” башталышын экологдор менен келишимдин тарапкерлери, алардын ичинде ООНдун баш катчысы Кофи Аннан адамзатты алдыда аңдып турган жалпы планетардык алааматты алдын алуу максатында жасалган чоң кадам деп эсептешет.

Климаттын өзгөрүшү адам баласы үчүн өлүм же өмүр деген маселеге айланды.Өзгөчө түштүк-чыгыш Азиядагы топон суу көңкү элдин көбүнө, анын ичинде Тынч океандын түштүгүндөгү Кирибатинин тургуну Бейатээке Ореага да кыямат кайымдын жакындап калганынан кабар берген аяндай туюлду.

“Бу бизди өтө чочутту,үшүбүз жаман үркүп калды,- деп айтты Ореа.- Келечектен корком,Кирибатиде кандай алаамат болот,ойлосом жүрөгүм оозума тыгылат”.

Киото келишимине ылайык, 2012-жылга чейин өнөр жайлуу өлкөлөр көмүркычкыл газынын, зыяндуу дагы беш заттын абадагы чыгындыларын 1990-жылдагы өлчөмдөн беш процентке азайтуу керек. Евросоюздун өлкөлөрүндө бу көрсөткүч соңку жылдары дээрлик үч процентти түздү.

Бирок келишимде ар бир өлкө үчүн өзүнчө лимит аныкталгандыктан айрым жерлерде,айталы,Испанияда атмосферага чыгарылган зыяндуу чыгындылар 25 процентке өсүп кетти. Лондондук эксперт Ричард Тарасовски Евросоюз өзүнө алган милдеттерди алдыдагы сегиз жылда кынтыксыз аткарганга жетишсе, анда “Киото доорунун” келечеги бекемделет, а кокус андай болбосо башка өлкөлөрдүн ишеними кайтып, иштин ойрону чыгат деген көз карашта.

Ослодогу экологиялык уюмдун башчысы Кристиан Тангендин айтымында,Киото протоколунан азырынча көп деле майнап чыкпайт,бирок ал келечектеги аракеттер үчүн негиз болот жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Протоколдун талаптары 2012-жылдан кийин кайра каралат. Атап айтканда, өнүгүп жаткан өлкөлөргө,алардын ичинде Кытай, Индия, Бразилия сыяктуу камыштай калың калкы бар мамлекеттер үчүн ажыратылган жеңилдиктер алынып салынат.

Дал ушул жоболорду оппоненттер протоколдун эң талуу жери дешет. Бу пикирди колдогондор да аз эмес. Россия президентинин кеңешчиси Андрей Иллиаринов,маселен,Киото келишимин “экономикалык Освенцим” деп атаган эле.

Брюсселде жайгашкан экологиялык уюмдун эксперти Махи Сидеридоу Кошмо Штаттары протоколдон чыкканда ушул аргументти карманганын эске салат. Киотодо аныкталган чараларга сарптала турган чыгымдар, Вашингтондун эсеп-кысаптарына ылайык, өзүн актабайт, тескерисинче, экономиканы өксүтөт.

Экинчиден, келишимде өнүгүп жаткан өлкөлөргө атайын жеңилдетилген лимиттер каралганын америкалыктар адилетсиз деп эсептешет.

Алдыдагы беш жылда эле Кытай, маселен,зыяндуу чыгындылардын көлөмү жагынан АКШны кууп өтүшү мүмкүн. Бирок үчүнчү дүйнөнүн лидерлери – Кытай,Индия жана Бразилия протоколго АКШ кошулмайынча алар да өз милдеттенмелерин аткарбай турганын айтып жатышат. АКШ абаны баарынан көп булгаган өлкө эсептелинет.Россия болсо протоколду былтыр күздө ратификациялады.

Ак үйдүн өкүлү Скот Макклеллан АКШ климаттын өзгөрүшүн иликтөө жагынан дүйнөдө алдыңкы орунда турганын,бу жагынан өзүнө өнөгөсүз милдеттенме алганын айтып,Киото келишиминдеги шарттар экономиканын өнүгүшүнө жолтоо болорун кайрадан белгиледи.
XS
SM
MD
LG