Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Жэк Стро Кабулда визит менен жүрөт


Тышкы иштер министри "Британ өкмөтү Ооганстандагы наркотрафикке каршы күрөшүүгө багытталган акчалай жардамын эки эсеге көбөйтөт" деп билдирди.
Апрелден баштап Лондон Кабулга жылына 100 миллион доллар бөлүп берип турмакчы. Каражаттын жарымы дыйкандарга апиймден башка продукция өстүрүүгө жардам берүү үчүн жумшалат.
Ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушуудан кийин Стро Британия ишеним фондун түзгөнү жатканын билдирди. Ооганстанга апийимге каршы күрөштө жардам бергиси келген өлкөлөр фондко акча сала алышат деп кошумчалады министр.
БУУнун маалыматына ылайык, дүйнөдөгү апийимдин 90 проценти Ооганстанда өндүрүлөт.

Айнура Жекше кызы, Прага

XS
SM
MD
LG