Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Бакунун түрмөсүндөгү козголоң армиянын жардамы менен басылды


Кечээ катуу кайтарылган абактын чатырына 100гө жакын киши чыгып алып, түрмө башчысынын кетишин жана абактагы шарттардын жакшыртылышын талап кылышкан.
Орусиянын кабар агенттиктери аскерлер нааразылык акциясын токтотуу үчүн жаш чыгаруучу газ колдонгонун маалымдашууда. Айрым маалыматтарда болсо, октун үнү угулганы жана түрмөгө «тез жардам» машиналары жөнөп жаткандыгы айтылган. Бирок курман болгондор же жабыркагандар жөнүндө маалымат түшө элек. Козголоңчулар менен сүйлөшүү үчүн укук коргоочулар да тартылган. Кечээ Юстиция министрлигини өкүлү Натик Талыбов абактагылардын талаптары мыйзамсыз, бирок аларга күч колдонбойт деп ишендирген эле.
Бакудагы башка түрмөлөрдө да тилектештик үчүн кыска акциялар өткөрүлгөнү маалымдалууда. Ырасмий Баку окуяга байланыштуу билдирүү жасаган жок.

XS
SM
MD
LG