Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

ОРУСИЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА ИРИ РЕФОРМАЛАР ДАЯРДАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Орусиянын жаңы дайындалган билим берүү министри Андрей Фесенко өлкөнүн жогорку окуу жайларын ар башка топторго бөлүп, ири реформа жасай турганын жарыялады. Коомчулуктун ага карата мамилеси бир кылка эмес.

Министр Андрей Фесенконун планы боюнча, өлкөнүн жогорку окуу жайлары үч топко бөлүнөт жана алар мамлекеттен - кайсы топко киргенине жараша каржылоо алат. Биринчи топко эң мыкты 10-20 университет гана кирет жана алар "улуттук университеттер" деп аталат. Бул окуу жайлары бакалавр жана магистрлерди даярдоо менен кошо илимий даражаларды ыйгарууга да укуктуу болот.

Экинчи топко жүздөн эки жүзгө чейинки сандагы университеттер менен институттар топтолот жана алар бакалавр менен магистрлерди даярдайт, ал эми калган окуу жайларына бакалавр даярдоого гана уруксат берилет. Канчалык жогорку даражадагы топко кирсе, университет ошончолук көп мамлекеттик колдоо жана каржылоого арзыйт.

Орусиянын Билим берүү министрлигинин кызматкерлеринин айтымында, дипломаттарды чыгарган МГИМО же эң күчтүү физиктерди даярдаган Физтех институту канчалык жакшы болсо дагы, Ломоносов атындагы университетке даражасы боюнча жете албайт, анткени чектелүү сандагы гана адистиктер боюнча иштейт.

Санкт-Петербург шаарындагы Жогорку экономикалык мектептин кызматкери Ирина Абанкина "Азаттыктын" кабарчысы Жереми Бранстен менен болгон маекте министрдин бул жаңы планын сынга алды:

-Окуу жайларын ар башка топторго бөлүп коюп, аларга ар башка колдоо көрсөткөндөн мурда - жогорку сапаттагы адистерди даярдоого колдоо көрсөтүү керек. Окуу жайларын мындай топторго бөлүү - алардын сапатына жараша жасала тургандай эмес жана институттарды алардын категориясына жараша каржылоо маселени чечпейт. Мындай чара менен аз каржыланган окуу жайлары эч качан жогорку сапаттагы билим бере албаган абалга такалат,- дейт Абанкина.

Анын айтымында, кээ бир атактуу университеттерде өтө деле баркталбаган факультеттер бар, бирок кээ бир башка окуу жайлары жалпысынан жогору бааланбаганы менен, алардын айрым факультеттери өтө жогору сапаттагы адистерди чыгарат. Мисал үчүн Геодезия жана картография институту даярдаган картографтардай адистерди бир да башка окуу жайы чыгара албайт, бирок бул институт, жаңы план боюнча, эң жакшы каржыланган биринчи топко кошулбайт.

Москва шаарынын Думасынын Билим берүү комитетинин төрагасы Евгений Бунимовичтин пикиринде, маселе - жаңы план кандай ыкма менен ишке ашырылаарында жатат:

- Министрликтин бул планы менен байланыштуу мени тынчсыздандырган нерсе - анын артында билим берүүгө бөлүнгөн каражат чектелүү экендиги. Эгерде университеттерди ар башка тапка бөлүп, айрымдарына 'улуттук университет' деген наам берип, аларга кошумча каржылоо табылса, анда жакшы. Эгер мындай реформадан кийин үчүнчү топко кирип калган окуу жайлары азыркыдан да аз каржылоо алып калса, анда абал ого бетер начарлайт, - дейт Бунимович.

Министрликтин кызматкерлеринин айтымында, жаңы план - билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат четкелүү экенинен чыгып жатат жана, мисал үчүн, өлкөдө азыр иштеген элүүгө жакын курулуш институттарынын ичинен бир-экини гана калтырыш керек. Дагы бир орчундуу нерсе - кайсы окуу жайларын кайсы топко кошуу маселесин ким чече тургандыгында.
XS
SM
MD
LG