Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:58

АКШда АЙРЫМ КОМПАНИЯЛАР КИОТО КЕЛИШИМИНИН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК ИШТӨӨДӨ


Киото протоколу бүгүнтөн (шаршембиден) тартып күчүнө кирүүдө. Айлана-чөйрөнү коргоого багытталган бул келишимге Кошмо Штаттар кошулган жок. Бирок расмий Вашингтондун бул эл аралык келишимге каршы болгонуна карабастан, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы штаттар көмүр кычкыл газын чыгарууну чектөө жаатында өз алдынча иш-чараларды жүргүзө башташты. «Чикаго климат биржасы» аттуу уюм дал ушул багытта үзүрдүү иш алып барууда.

Көмүр кычкыл газын жана башка зыяндуу таштандыларды чыгарууну азайтууга багытталган биржалык система ушул тапта Европа Биримдигинин өлкөлөрү тарабынан колдонулуп келет. Дал ушул системаны Киото протоколуна киргизүү талабын Кошмо Штаттар көтөрүп чыкканда, оболу ага Европа Биримдиги каршы болгон.

Эми Европа Биримдиги бул биржалык системаны өздөштүрө баштаган чакта, АКШ Киото келишимине кайра кошулуудан баш тартып келет.

Бирок Кошмо Штаттардын бир катар штаттарында Европа Биримдигиндегидей система үзүрдүү иштеп жатат. Алардын бири - «Чикаго климат биржасы» (the Chicago Climate Exchange) аттуу уюм.

Анын төрагасы Ричард Сэндор (Richard Sandor) «Азаттыктын» кабарчысы менен курган маегинде бул биржага кирүү аркылуу анын мүчөлөрү дүйнөлүк базардын талабына ылайык иш алып барууга камынып жатышканын айтат:

- Биздин көптөгөн мүчөлөрүбүздүн бул биржага кошулганынын себеби - алар Кошмо Штаттардан сырткаркы аймактарда көмүр кычкыл газын чыгаруу жааты кыйла чектелген шартта иш алып барышаарын алдын ала билишкен. Ошондуктан алар алгачкылардан болуп мындай кырдаалда иш алып барууну үйрөнүүнү артыкчылыгынан пайдаланууну каалашты. Маселен, Форд Мотор компаниясын эле алсак, ал үчүн Мексикада жана Канадада жайгашкан 39 ишканасын иштетүүдө кандай калыптарды пайдалануу керек, казып алынуучу отундун түрү менен көмүр кычкыл газын чыгаруунун ортосундагы тийешелүү катышты кантип иликтөө керек деген сыяктуу маселелер жат болбой калды.

Европа Биримдигинде зыяндуу газдарды чыгарган өнөр жай ишканаларын азайтуунун базардык системасы иштелип чыккан. 12 миңдей өнөр жай ишканасы зыяндуу газдарды тийешелүү көлөмдө чыгарууга уруксат алышкан. Эгерде тигил же бул ишкана бул уруксат кылынган көлөмдөн азыраак зыяндуу газды чыгарса, анда ал өзүнүн калган мүмкүнчүлүгүн айлана-чөйрөнү көбүрөөк булгап жаткан ишканага сата алат.

Бул соодалашуунун максаты – зыяндуу газдарды чыгарууну акырындап кыскарта берүү үчүн ишканаларды шыктандыруу.

Чикагодогу алиги биржа да ушундай эле базар экономикасына таандык усул менен аракеттенет. Анын натыйжасында америкалык компаниялар Европа сыяктуу тышкаркы аймактарда иш жүргүзүү үчүн баалуу тажрыйбага ээ болуп жатат, дейт Сэндор. Анын айтымында, пайда дегенде моралды көзгө илбеген өзүмчүл деп саналган америкалык компаниялар тууралуу эски түшүнүк да өзгөрүүдө:

- Ынангысы келбегендердин көпчүлүгүнүн айтымында, мыйзам жолу аркылуу милдеттендирилмейинче, өз ыктыяры менен көмүр кычкыл газын чыгарууну кыскартуу жолуна түшкөн америкалык компанияны эч учурата албайсың. Биз мындай уламыштын жеңил-желпи төгүндөлүшүнө гана күбө болбостон, сиз келип байкоо сала алаарыңызга да көзүбүз жетти. Мындай нерсе болушу мүмкүн эмес деп бардык кишилер айтышчу.

Демек, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында үзүрдүү иш алып баруу үчүн ишканаларга базар экономикасынын тили менен кайрылуу кыйла алгылыктуу экен.
XS
SM
MD
LG