Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

ЛЕОНИД КУЧМАГА ТЫНЧТЫК ЖОК


Кубат Оторбаев, Прага Эгер Украин президенттигине Виктор Янукович шайланып калганда балким башкача болот беле, бирок мурдагы президент Леонид Кучмага кыязы эми тынчтык жок өңдөнүп калды. Верховна рададагы айрым депутаттар Кучманы коррупцияга аралашкан, киши өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөп, аны камаш керек деген пикирлерин айтып жатышат. Мурдагы президент болсо өзүнүн дарегине айтылып жаткан андай кептерге макул эмес. Ошого карабай Украинанын жаңы өкмөтү Леонид Кучманы жайына койбойт шекилдүү.

Саясий душмандары бийликке келген Леонид Кучма эми ойдогудай эс албай калды көрүнөт. Мурдагы президент мамлекеттик мүлктү тууган-туушкандарына, өң-тааныштарына тараткан, курал-жаракты чет мамлекеттерге мыйзамсыз саткан жана журналист Георгий Гонгандзенин өлүмүнө катышы бар деген кинелерге кабылып жатат. Албетте мындай айыптар элден мурда сот аркылуу Кучманын мойнуна коюлуп, далилдениши керек.

Киевдеги Могийла академиясынын тарых жана философия профессору Игорь Лозев бийликке келген президент Виктор Ющенко менен премьер-министр Юлия Тимошенко Кучмага байланыштуу иштерди иликтөөнү баштаганын айтат:

– Тимошенконун өкмөтү азыр ага мурдагы өкмөт берген жеңилдиктерди алып салуу маселесин коюп жатат.

Кучмага мамлекет тарабынан чоң пенсия, эки автомашина, ашпозчу, үй кызматкери сыяктуу бир катар жеңилдиктер берилген. Эгер бийлик Кучмага кастарын тигип калса мунун баарынан кол жуушу ыктымал.

Ушул тапта мурдагы мамлекет башчынын өзү эле эмес, анын жакындары да оор сыноону баштан кечирип жаткан убак. Атап айтканда, премьер-министр Юлия Тимошенко Кучманын күйөө баласы Виктор Пинчук менен анын досу Ринат Ахметов Криворождогу металлургиялык заводду мыйзамсыз менчиктештирип алган деп, аны кайра мамлекетке кайтарып алууну айтты.

15-февралда президент Виктор Ющенко болсо кирешелүү делген 30-40 обьекттин кандай менчиктештирилгенин өкмөт кайра кароого ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Ошентсе да Кучма үчүн баарынан коркунучтуу айып – эркин журналист Георгий Гонгадзенин өлүмүнө байланыштуу коюлушу ыктымал. Гонгадзе окумал интернет-сайттын редактору болчу жана ал Леонид Кучманы коррупцияга байланышы бар деп далай ирет сынга алган. Бирок 2000-жылы ал белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып кетип, кийин анын башы алынган сөөгү токойдон табылган.

Кучма далай ирет ички иштер министри Юрий Кравченкого “журналистти жоготкула, чечендердин колуна өткөрүп бергиле” деп кезенген экен деп айтылат кабарларда. Анын мындай дегенин экс-президенттин мурдагы жансакчысы үнжазгычка жашыруун түшүрүп калган экен.

Бирок Кучма диктофондогу ал үндү "меники эмес" деп жатат. Тескерисинче, оппозициянын өкүлдөрү "үн Кучманыкы" деп ырасташат. Ошондон улам талдоочу Игорь Лозевдин айтымында, Украинанын жаңы бийлигинин экс-президенттин айланасындагы мындай чуулгандуу жана шектүү окуяларды иликтеп чыкпашка аргасы жок:

Жаңы бийлик Кучмага байланыштуу кандайдыр бир иш жасаш керек. Анткени ыңкылап аркылуу бийликке Ющенкону алып келген адамдар эгер Кучманы азыркы бийлик жөн эле пенсияга чыгарып, жайына кое турган болсо бул ишке түшүнбөй калышы ыктымал. Ал – Кучманын бийлигин азыркы жетекчилер колдоого алганга барабар болмок.

Бирок ошол эле маалда эксперт экс-президент Кучманын качандыр бир кезде түрмөгө отуруп калышына дегеле ишенбейт. Лозевдин пикиринде, эгер экс-президентти камакка алышса Ющенко менен Тимошенконун өздөрү деле оңуп кетишпейт:

– Эгер Кучма соттоло турган болсо Украинанын мындан кийинки бир да президенти укуктук жактан алганда ыйык уй сыяктуу аман калбайт. Башкача айтканда, муну менен мындан кийинки баардык президенттер, баардык чиновниктер өздөрүнө өтө чоң жоопкерчиликти алган болмок.

Лозевдин кошумчалаганына караганда, көз-караштарынын айырмасына карабай мурдагы бийлик менен азыркы бийликтин топурагы бир жерден. Ошондуктан Ющенко үчүн Кучманы түрмөгө отургузуу салтты бузууга барабар иш болот.

Киевдик көзкарандысыз саясий аналитик Олександр Литвиненко мурдагы жетекчилерди барктап-баалап алыш, алардын ат көтөргүс күнөөсү болсо деле ага көз жуумп коюш элдин канында бар, бирок эми аны өзгөртө турган учур келди деген ойдо:

– Азыр Украинада баардыгы болуп жатат. Коомдо укуктук жаңы аң-сезим, жаңы мыйзамдар жана жаңы саясий күчтөр калыптанууда. Мунун баары азыр болуп атат.

Ал арада Кучма өзүнүн эркин жашоосун колдон келишинче ырахаттанып өткөрүүнүн камында жүрөт. Ушул аптада ал Чехиядагы атактуу Карлова Вары курортуна келип, эс алмакчы. Бирок Украинанын мурдагы президенти үчүн Чехия орто жолдон гана өргүй турган жер болот, анткени ал Лондонго качып баратат деген маалымат бар. Бирок Кучманын өкүлү андай сөздөрдү суу кечпеген калп деп билдирди.

XS
SM
MD
LG