Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

РЕФЕРЕНДУМ ҮЧҮН КОЛ ТОПТОО УЛАНТЫЛУУДА


Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Президент Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн референдум жолу менен 2010-жылга чейин узартуу максатында атуулдардын колун топтоо улантылып жатат. Демилгечилер өткөн жылдын аягында 30 миң атуулдун колу коюлган баракчаларды мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго тапшырышкан.

Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн 2010-жылга чейин узартуу демилгеси былтыр Ош облусунда көтөрүлүп, дароо кол топтоо башталган. Учурда андай аракеттер өлкөнүн башка аймактарына да жайылтылды.

Демилгечилердин айтымында, жалпысынан 200 миңге чукул адамдын колу чогултулду жана май айына чейин ал 300 миңге жеткирилет. Андан кийин Конституциянын 96 - беренесинин 2 бөлүгүнө ылайык референдум жарыяланыш керек.

Президент Аскар Акаев келерки президенттик шайлоого катышуусуна Конституция жол бербесин бир нече ирет билдирген. Бирок кол топтоочулар Конституцияны мына ошол себепке байланыштуу өзгөртүүгө аракеттенип жатканы белгилүү.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун пикиринде, кол топтоону бийлик атайын уюштурууда. Ошондуктан жакын арада президенттин мөөнөтүн узартуу боюнча референдум жарыяланышы мүмкүн.

Эдил Байсаловдун айтымында, андай болгон күндө кыргыз бийлигинин мындай аракети атуулдук коомдун катуу каршылыгына дуушар болот.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова да референдум жарыяланышы мүмкүндүн айтып, өлкөдө толкундоолорго жол бербеш үчүн атуулдук коомдун өкүлдөрү буга жол бербестигин эскертти.

Кыргызстан юристтеринин ассосациясынын мүчөсү Нурлан Садыков атуулдардын колун топтоонун юридикалык жагына мындай баа берди:

- Албетте, элдин мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүүгө укугу бар. Бирок, эл дагы, демилгечилер да Конституцияны бузбаш керек. Конституция боюнча президент эки мөөнөткө шайланат деп жазылганбы, демек ,баары ага баш ийип, Конституцияга каршы келген демилге көтөрүлбөш керек. Мыйзамсыз нерсе референдумга коюлбоого тийиш. Эгерде 300 миң шайлоочу чыгып, биз өлүм жазасын колдойбуз, бул же тигил кылмышкер атылсын деп чыкса, аны мамлекет колдогонго аргасыз. Атуулдар өз укугун кыянатчылык максатта пайдаланбаш керек.

Президенттин басма сөз кызматы бул маселе боюнча жооп берүүдөн баш тартты.
Оппозициялык Кыргызстан Элдик Кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова болсо “МСН” гезитинин айланасында түзүлгөн кырдаалды азыркы шартта мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалап, кол топтоо тууралуу буларга токтолду:

- Ош облусунда 150 миң адамдын колу чогулду деген чындыкка жатпайт. Бул жерде да көз боемочулук болуп атса керек. Экинчиден, президент Конституцияга туура келбеген мындай демилгени колдосо, ошого барса- бул президенттин демократия эмес, автократия, монархия орнотуу жолуна түшкөнүн көрсөтүп турат.

Көз карандысыз “Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеевдин пикиринде, бийлик кааласа “МСН” гезитин жаап, референдумду өткөрүп коет:

- Эгерде бийлик кааласа муну жеңил эле ишке ашырып коет. Анткени биздин бийлик мыйзам бузуп жатат деген түшүнүктү билбей калган.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, президенттин бийлик мөөнөтүн узартуу боюнча референдум өткөрүлсө, анда Батыш өлкөлөрү насыя, грант берүүнү кескин кыскартышы толук ыктымал. Мындай шартта өлкөнүн жалпы туруктуулугунун сакталышы мүмкүн болбой калат.

XS
SM
MD
LG