Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

18-февралга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин маалыматы боюнча 18-февралда Кыргызстанда кар жаашы күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын айрым аймактарына туман түшөт.

ЧҮЙ облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -4...-9 градус суук.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн -23...-28 градуска ал эми Карабуура аймагында
-26дан...-31 градуска чейин суук болот. Күндүз -5...-10 градустун айланасында суук.
ЖАЛАЛАБАД, ОШ, БАТКЕН чөлкөмдөрүндө түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз -2 градус сууктан +3 градуска жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн -22...-27, күндүз -7...-12 градус.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -10...-15 градус суук, күндүз -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу.
Ордо калаа БИШКЕКТЕ ала булут каптап турат. Мезгил-мезгили менен туман түшүп, түнкүсүн -16...-18, күндүз -6...-8 градуска суук болот.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG