Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

«Чек-2005» аскерий машыгуусу Тажикстанда өтөт


БИШКЕК. Жамааттык Коопсуздук келишими уюмунун алкагында апрель айынын башында Тажикстанда «Чек-2005» аскерий машыгуусу өтөөрү күтүлүүдө. Бул иш чарага уюмга мүчө Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мамлекеттеринин тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн бөлүмдөрү катышат. Кыргызстандын Коргоо министринин басма сөз кызматынан 17-февралда алынган маалыматка караганда, Кыргызстандан катышуучулардын саны жана ким жетектеп бараары тактала элек. Бул маселе учурда Тажикстанда өтүп жаткан уюштуруу жыйынында талкууланууда. Ага Кыргызстандан коргоо министринин үч өкүлү катышып жатат. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжанын маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, аскерий машыгууда Тажикстанга тыштан коркунуч пайда болгон жагдайдагы аракеттер иштелет.

XS
SM
MD
LG