Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Үч ишкана «МСН» гезитин сотко бериши ыктымал


БИШКЕК. «Кыргызтелеком», «Кыргызгаз», «Электростанциялар» ишканаларынын жетекчилиги 17-февралда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү. Алар «МСН» гезитинде аталган ишканалар “Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык экендиги тууралуу макала чындыкка дал келбейт” деп билдиришти. Алар мындай маалымат аталган ишканалардын кадыр баркына доо кетирип, ишмердүүлүгүнө тескери таасирин тийгизгендиктен «МСН» гезитин сотко берүүгө камданып жаткандыгын жарыялашты. «МСН» гезити 11-февралдагы санында «президент Аска Акаевдин жубайы Майрам Акаеванын Бишкекте салып жаткан үйү» жөнүндө макала жарыялап, хансарайдай заңгыраган үйдүн сүрөтүн басты. Аталган макалада Аскар Акаевдин баласына жана күйөө баласына тиешелүү деп саналган Кыргызстандагы эң кирешелүү ишканалардын тизмеси жарыяланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG