Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

«Чегарасыз репортерлор» кыргыз бийлигин сынга алды


БИШКЕК. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Эл аралык «Чегарасыз репортерлор» уюму билдирүү таратып, анда кыргыз бийлигин маалымат каражаттарына кысым көрсөтүп жатат деп сынга алды. Билдирүүнү уюм акыркы бир ай ичинде чогулткан фактылардын негизинде даярдаган. Билдирүүдө жаштардын «Келкел» уюмуна, көз карандысыз «МСН» гезитине кысым көрсөтүүлөр болуп жаткандыгы тууралуу да айтылат. Маселен, билдирүүдө «Вечерний Бишкекти» президент Акаевдин күйөө баласы көзөмөлдөйт деп жазганы үчүн аталган гезит «МСН» гезитин сотко берип, 120 миң евро айып талап кылууда” деп айтылат.

XS
SM
MD
LG