Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

ИРАНГА КАРШЫ АКШ ТЫҢЧЫЛЫК КЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШнын чалгындоо кызматтары Ирандын аба мейкиндигин бузуп, чалгындоо иштерин жүргүзүүдө деп Тегеран 16-февралда Вашингтонду күнөөлөдү. Ал тууралуу америкалык "Вашингтон пост" гезити да жазып чыкты, америкалык жетекчилик болсо окуя жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартууда. Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе талкууланып жатканда, мындай күнөөлөр абалды ого бетер татаалдаштырууда.

Дүйнө мамлекеттери башка өлкөлөргө каршы көптөгөн ыкма менен тыңчылык кылганы баарыга белгилүү, мисал үчүн чет өлкөдөгү ар бир элчиликте атайын кызматтардын өкүлдөрү иштейт жана мезгил-мезгили менен алар жашаган өлкөлөрүнөн кууп чыгарылат.

1960-жылдын 1-май күнү болсо советтик ракета менен Свердловск шаарынын үстүндө америкалык "У-2" учагы атып түшүрүлгөнү да белгилүү, анын учкучу Фрэнсис Пауэрс кийин Батышта туткунга түшкөн советтик тыңчыга алмаштырылган.

Башка мамлекеттин аба мейкиндигин бузуп, тыңчы-учактарды жиберүү эл аралык мыйзамдарды бузат, бирок башка өлкөлөр дагы такай андай кылгандыктан, адатта андан көп деле чатак чыкпайт, анткен менен учурдагы Иран маселеси өзгөчө.

Акыркы эки-үч жылдан бери АКШ Иранды катуу сынга алып, анын өзөктүк изилдөө программаларынын токтотулушун талап кылып келет, Тегеран болсо анын өзөктүк изилдөөлөрү аскерий максатты көздөбөгөнү тууралуу айтып, Вашингтонго каршылык көрсөтүүдө.

Кээ бир эксперттердин пикиринде, бул өзөктүк изилдөөлөр менен байланыштуу АКШ Иранга кол да салышы мүмкүн, анткени Иракка каршы согуш дагы 2003-жылы өзөктүк курал маселесинен келип башталган. Анткен менен Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Иранда өзөктүк куралдардын изин таба элек жана Вашингтондун талабын аткарып, маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине койбой жатат.

Кошуна Израилдин чалгындоо кызматтарынын айтымында болсо жакын арада Иран өз изилдөөлөрүндө артка кайткыс чектен өтүшү мүмкүн жана андай болгондо, келерки эки-үч жылдын ичинде сөзсүз өзөктүк куралга ээ болот. Ошондуктан, айрым эксперттердин пикиринде, Иранга биринчи соккуну Израил урушу мүмкүн.

1980-жылдардын башында Франция кошуна Иракка өзөктүк реактор куруп бергенде, ал жуп бүтөөрү менен, 1981-жылы Израилдин учактары Ирактын аба майкиндигине кирип, "Осирак" реакторун бомбалап жок кылып салган.

Ирандын Бушер провинциясында дагы Орусиянын жардамы менен өзөктүк реактор курулган жана 16-февралда анын жанында жарылуу болгондо, ага же АКШ же Израил сокку урган болушу мүмкүн деген кабарлар тарады, бирок Тегеран аны кийин кокустук деп атады.

Анткен менен ошол эле күнү Ирандын чалгындоо министри Али Юнесси атайын билдирүү жасап, Вашингтонду күнөөлөп чыкты. Министрдин айтымында, АКШнын аскерий учактары көптөн бери Ирандын аба мейкиндигине кирип, тыңчылык кылууда жана Иран аларды эми керек болсо атып түшүрүшү да мүмкүн.

Маселе жөнүндө 13-февралда америкалык "Вашингтон пост" гезити да жазып чыккан жана гезиттин айтымында, мындай тыңчылык иштер адатта - сокку урулаар алдында жасалат. АКШдагы "Глобал секюрити" деп аталган көз карандысыз изилдөө борборунун деректири Жон Пайктын айтымында, мындай тыңчылык кылуу мыйзамсыз, бирок эл аралык тажрыйбага сиңип калган көрүнүш. Тегеран университетинин профессору Гермидас Баванддын айтымында болсо Тегеран маселени Бириккен Улуттарда көтөрүшү мүмкүн:

- Өлкөлөр андай тыңчылык тууралуу эскертүү жасашы мүмкүн, эгер учактарды адам башкарган болсо, алар күч менен жерге кондурулушу ыктымал, алар атып да түшүрүшү мүмкүн. Бирок андай чара көрүүнүн алдында олутуу ойлонуш керек, анткени ири кризис чыгып кетүү коркунучу бар, бирок аба мейкиндиги бузулган өлкө Бириккен Улуттардын баш катчысына да арыз менен кайрылышы мүмкүн,- дейт Гермидас Баванд.

АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Скотт Маклеллан болсо чалгындоо маселелери боюнча эч кандай маалымат бере албай тургандыгын айтууда.
XS
SM
MD
LG