Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Ирактын шийилер альянсы өкмөт башчыны аныкташа элек


Шаршембиде Ирактын шийилер альянсы жолугушуу өткөрүп, өкмөт башчылыгына талапкерин көрсөтүшү керек эле. Ирактын айрым саясатчыларынын айтымында, жабык эшик артында өткөн сүйлөшүүдөн кийин да анын мүчөлөрү бул маселени чече алышкан жок.
Алар эми жума күнү премьер-министрди так аныкташы мүмкүн. Бул кызматка Ибрагим ал-Жаафари менен Ахмад Чалаби көрсөтүлүшкөн.

Ал Жаафари - Дава аталышындагы диний партиянын лидери. Ал эми Чалаби болсо – Ирактын улуттук конгрессинин төрагасы.

Анын аралыгында Багдаттын түндүк тарабында сегиз ирактык тургундун сөөгү табылды. Алар америкалык аскерий базада иштегендиги айтылат.

XS
SM
MD
LG