Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

ЧЕХИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ СТАНИСЛАВ ГРОССТУН ҮЙҮНҮН ЧАТАГЫ


Чехия коомчулугу “Станислав Гросс Прагадагы үйүн кайсы акчага сатып алды?” деген суроону бир нече жумадан бери кызуу талкуулашууда. Гросс өткөн айдагы интервьюда, үйдү сатып алуу үчүн, өз каржы жетпегенден улам таякесинен 52 миң доллар карыз алганын айткан. Бирок, таякеси жетпеген акчаны жээнине “чет өлкөлүк туугандары” берди деп, көшөгөнү дагы ачты. Саясатчылар, бул окуя Чехиянын эл аралык кадыр-баркына шек келтирди дешип, Гроссту премьерликтен кетүүгө чакырышууда.

Чехиянын азыркы премьер-министри Станислав Гросс 1999-жылы 4, 3 миллион кронго сатып алган үйдүн чыры качан басылат белгисиз. Бул акчаны азыркы нарк менен эсептегенде, 180 миң АКШ долларына барабар болот.

С. Гросс түшүндүргөнүнө караганда, ал 52 миң долларды таякесинен карызга алган. Калган 2, 5 миллион өзүнүн жыйган-тергени жана банктан ипотекага алган акча. Гросс ал кезде премьер-министр эмес болчу.

Гросстун таякеси жээн бала “чет өлкөдөгү туугандарынан” да карыз алганын айтып, маселени дагы татаалдантты. Карыз берүүчүлөрдүн бири табылды. Ал мурдакы журналист Ростислав Род болуп чыкты. Анын айтышынча, ал Гросстун акча алганын күбөлөгөн өз ара келишимди майда партиялардын биринин төрагасына сатып жиберсе, жанагы неме ал кагазды өрттөп салган имиш.

Премьер-министр Гросс 10-февралда парламентте болгон угууда, таякесинен карыз алганын ырастаган эч кандай документ жок экенин, ал чеки бир иш жасабаганын айтып, мындай деди:

- Мен эмне, келишим жазбастан туруп, таякемден карыз акча ала албаймынбы? Биздин үй-бүлөдөгү көпчүлүк адамдар акча карызга берилгенин билишкен.

Ошону менен парламенттеги угуу токтоду. Бирок, үйдөн чыккан ызы-чуунун жүрүшүндө Гросстун досуна таандык имараттардын биринде шуркуякана бар экени, аялынын курдашы финансылык чатакка байланыштуу тергелип жатканы элге шардана болду.

Оппозициячыл депутат Петр Братски чатакка байланыштуу "Эмне үчүн мен сага кечээ күнү берген роза соолуп барат? Себеби, мен сени алдагам үчүнбү деп ойлом жатам” деген эки сап жазып алып, аны парламент ичинде обого салып үзбөй ырдап жүрөт.

Роза гүлү премьер Гросс башындагы Социал-демократтык партиянын символу.

Өкмөт азыркы шартта өз милдетин жигердүү аткара албайт деп чочуган коалициялык өкмөттүн курамындагы Христиан-демократтык партиянын лидери Мирослав Калусек тез арада Гросстун премьер-министрликтен кетишин талап кылды.

Көпчүлүк талдоочулар да Гросс өкмөт башынан кетиши абзел деп санашат. Бирок, саясый аналитик Мартин Фендрихтин айтышынча, коомчулук былтыр Павел Прибылды отставкага кетиргендей катуу турбай жатканына көңүл бурат:

–Коомчулуктун кысымы, менин баамымда, маалымат каражаттары аркылуу гана жасалууда. Коомдук пикир ошон үчүн Прибылдын чатагы тушундагыдай күчтүү эмес. Менимче, Социал-демократтар социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы чыкканча күтө турушат. Эгерде аларга болгон ишеним 10 проценттен ылдый түшүп кетсе, бул окуя Социал-демократтардын рейтингине катуу кедерги кылса, ошондо алар тез бир жыйынтыкка келишет.

1999-жылы студенттердин Прагадагы демонстарциясын күч менен тараткан полиция күчтөрүн жетектеген П. Прибыль өткөн жылы коомчулуктун талабынан улам, өкмөт аппаратындагы жооптуу кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Коррупцияга байкоо жүргүзгөн “Transparency International” уюмунун Прагадагы өкүлү Адриана Крначованын сөзүнчө:

-Бул окуянын өзү жана ага карата болгон мамилелер Чехиянын саясый сахнасындагы “быша элек камдыкты” чагылдырат.

Президент Васлав Клаус премьер-министр Гросстун тегерегиндеги кептер өлкөгө болгон ишеничке зыян кылаарын ачык айтты.

Сурамжылоолор да элдин көбү Гросс кызматтан кетиш керек деген пикирде экенин көрсөттү. Станислав Гросстун айтымында, ал азырынча премьер-министрден кетүү жагын ойлоно элек.

Баса, Чехиянын ички иштер министринин орун басары, Христиан-демократтык партиянын мүчөсү Иржи Васек жогорку билими бар экенин тастыктай албай, жаңы орунда 46 күн иштегенден кийин шаршемби күнү жумуштан кетти.

XS
SM
MD
LG