Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Россияда эмки аптада жаңы кышкы автожарыш башталат


Баш байгеге 15 килограмм алтын коюлду.
12 миң километрлик раллиге 36 команда катышканы жатат. Жарыш тайгак, кар баскан жолдордо өтөт.
Ралли 23-февралда Мурманск портунан старт алып, 8-мартта башка бир портто – Валадивостокто аяктайт.
Жарышка жергиликтүү жана КМШлык командалардан тышкары Германия менен АКШдан келген спортчулар катышат. Ар бир топ эки машинадан туруп, 5 эркек жана бир аялдан куралган.
Жеңүүчүлөргө 10 килогармм алтын тапшырылат. Калган алтынды 2 жана 3 орунду ээлеген командалар бөлүшүп алышат.

Айнура Жекше кызы, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG