Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Сергей Лавров Грузияда


Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Грузиядагы сапары маалында сепаратисттик жаңжалдарда курман болгон грузиндерге арналып тургузулган монументке баруу сунушун четке какты. «Бирок бул чечим менин визитиме көлөкө түшүрбөйт деп үмүттөнөм», - деп комментариялады Лавров. Мындан улам, Тбилиси россиялык министрдин расмий деп аталган сапарын иш сапары кылып өзгөрттү. Грузиядан бөлүнгөн сепаратисттик Абхазия менен Түштүк Осетия Москванын кеңири колдоосуна ээ экени белгилүү.
Грузиянын тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили россиялык кесиптешинин чечимин “достукка сыйбаган иш-аракет” катары баалап, катуу сындады.

XS
SM
MD
LG