Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

ПРЕЗИДЕНТ ЭРКИН ГЕЗИТТИ СОТКО БЕРМЕКЧИ


Президент Аскар Акаев 17-февраль күнү кечинде улуттук телеберүү аркылуу Кыргызстандын калкына кайрылып, көз карандысыз «МСН» гезитин сотко бере тургандыгын жарыялады.

Президент Аскар Акаевдин пикиринде, айрым оппозициячыл гезиттер эгемендик алып келген эркиндиктен ашыкча пайдаланып жатышат. Мамлекет башчысы алардын бири болгон «МСН» гезитин президентти жана анын үй-бүлөөсүн саясий максат менен, атайылап, үзгүлтүксүз каралоо өнөктүгүн жүргүзүп келатат деп айыптады:

- «МСНдин» акыркы макаласын чыдоого мүмкүн болбогон ээн ооздук деп эсептейм.

Акаев гезитте жарыяланган макаланын так атын атаган жок. «МСН» гезити президентке жана анын үй-бүлөөсүнө байланышкан макалалар топтомун акыркы жолу 11-февралдагы санында жарыялаган.

Анда авторлор жоон топ ишканалардын тизмесин тизип, турак жайлардын сүрөттөрүн басып, аларды президент жана анын үй-бүлөөсүнө таандык катары сыпаттаган.

Президент бир катар ишкана башчыларына менчик ээлерин аныктоого чакырып кайрылды:

- Бүгүн мен «МСН» гезитине, бул гезит менин үй-бүлөөмдүкү деп санаган ишканалардын жана кыймылсыз мүлктөрдүн кожоюндарына кайрылып, буга карата өз сөзүңөрдү айтып, менчикке болгон мыйзамдуу укуктарыңарды элге жарыялап берсеңиздер демекчимин.

Cотко мамлекет башчы гезитке жана макалалардын авторлоруна өз-өзүнчө доо коюп кайрылууну туура көрөт.

Доо арызды ал «МСН» жарыяланган маалыматтарды кайра төгүндөп, бул тууралуу гезитке жарыялаган учурда гана кайтарып алат.

«МСН» гезитинин редактору Александр Ким улуттук сыналгы берүү аркылуу президенттин мындай билдирүүсү боюнча азырынча маалыматы жоктугун айтты:

- Пикирди эртең менен, эгер «Слово Кыргызстана» гезитине бул билдирүү расмий жарыяланса, ошону окуп туруп, анан айтабыз.

Аскар Акаев президент катары маалымат каражаттарын экинчи ирет сотко берип отурат. Биринчи жолу 1995-жылы «Рес публика» гезитинин редактору Замира Сыдыкованы ушундай эле кыймылсыз мүлккө байланышкан маселе боюнча сотко берген.

Президенттин гезитке карата бул жолку доосуна өз пикирин "Азаттыкка" билдирген оппозициячыл саясатчылардын бири - "Кыргызстан элдик кыймылынын" төрагасынын орун басары, экс-министр Ишенгүл Болжурова болду:

- Таң калтырды. Анткени, Конституциянын кепили, элдин улуттук лидери болгон киши (эркин) гезитке доомат коюп, коркутканы саясий жагынан дагы, адамгерчилик жагынан да туура эмес ко деп ойлойм.

«МСН» гезити учурда «Кыргызгаз» ишканасына жана «Вечерний Бишкек» гезитине байланышкан бир нече макалалардын негизинде соттук териштирүүлөр менен алектенип жатат. "Жалган жалаа жапты" деген негиздеме менен гезитти сотко берүү ниетин бүгүн (бейшемби) күнү дагы үч мамлекеттик ишкана билдирди.

Бул гезит - соттук териштирүүлөргө арбын тушуккан маалымат каражаттарынын бири. «МСНдин» журналисттер жамааты чыгарган мурдагы «Моя столица-новости» гезити да 2003-жылдын июль айында премьер министр Николай Танаев баштаган бир катар атуулдардын отуздай доо арызынын негизинде жабылган.

Гезит жамааты жана жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар мындай соттошууларды ырасмий бийликтин куугунтугу катары баалап келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG