Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

САЛЫКЧЫЛАР ИШКАНА ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ


Сапар Орозбаков, Бишкек Жакында Кирешелер комитетинин жетекчилери өлкөдөгү 40 жакын ишканалардын жетекчилерин жыйнап, салык төлөөгө байланыштуу чыгып жаткан ар кандай түшүнбөстүктөр, пикир келишпестик жана талаш тартыштар жөнүндө талкуу өткөрүшкөнүн мурдагы берүүлөрүбүздө айткан элек. Жолугушууда козголгон маселелерге токтолсок.

Жолугушууга келген Кирешелер комитетинин төрагасы Замирбек Малабеков комитет акыркы жылдары салык жыйноонун планын ашыгы менен аткарып, ал акчага мурдагыдай муктаж эмес экендигин, ишканаларды алдын ала салык төлөгүлө деп кыйноого азыр негиз жок экендигин билдирди. Анын айтымында, жолугушуу ишкана жетекчилеринин арыз-муңун угуш үчүн жана салык төлөөдө чыгып жаткан ар кандай түшүнбөстүктөрдү, пикир келишпестиктерди жана талаш-тартыштарды жоюу үчүн өткөрүлгөн.

Мындай жолугушуу өткөрүүгө олутуу негиз бар экен. Кирешелер комитетинин төрагасынын айтуусунда, эки тарап тең бири-бирине карыз:

- 1-январга карата салык боюнча ишканалардын карызы 2 миллиард сомдон ашты. Ошондуктан бул маселени ай сайын көтөрүп жатабыз. Жылдын аягына чейин биз аны жок кылгыбыз келет- деди Замирбек Малабеков.

Анын айтымында, андан тышкары ишканалардын бажы төлөмдөрү боюнча дагы 600 млн сом карызы бар. Бирок карыздын көпчүлүгүн учурунда төлөнбөй калган салыктардын айып пулдары түзөт. Замирбек Малабеков парламент айып пулдарды кечүү тууралуу мыйзам кабыл алганын, ага азырынча кол коюла электигин, бирок ишканалар мыйзамда көрсөтүлгөндөй негизги сумманы төлөп баштаса, ал кийинчирээк сөзсүз жокко чыгарыларын айтты.

Ошол эле мезгилде комитеттин ишканаларга ошого тете карызы бар - ишканалар өз учурунда салыкты ашык төлөп, аны комитет эми кайтарып бериши керек. Бирок бул ашыкча төлөнгөн акчалардын суммасы так болбосо керек, жолугушууда ар кандай сандар аталды. Кирешелер комитетинин төрага орун басары Адылбек Касымалиев бизге аны мындайча тактады:

-Республика боюнча ашыкча төлөгөн салыктар 2 млрд сомго жакындап калды. Бирок анын 1,5 млрд сомун кошулган наркка салык боюнча карыз түзөт. Аны накта ашыкча төлөнгөн акча деп айтканга болбойт. Бирөө тыштан товар алып келип салык төлөсө, товарды саткандан кийин ал бири бирин жаап калышы керек. Сатканга чейин ал ашыкча төлөнгөн акча деп эсептелет. Накта ашыкча төлөнгөн салык 500 млн сомдой эле бар,- деди Адылбек Касымалиев.

Жолугушууда ишкана жетекчилери көбүнчө ушул товар экспорттолгон учурда кошулган наркка салык кайтарылбай жаткандыгын айтышты. Алардын айтымында, көптөгөн кагаздарды талап кылып, комитет иш жүзүндө салыкты кайтарып бербөөгө баардык аракетти жасайт:

-Импорттук-экспорттук операциялар боюнча төлөнгөн салыкты кайтарып алуу олуттуу проблема. Биздин эле ишкананы алалы. Кайтарып алуу үчүн ай сайын жалаӈ эсеп-фактуранын эле 5 миң 400 көчүрмөсүн беришибиз керек –
дейт «Бишкексүт» акционердик коомунун жетекчиси Маргарита Румянцева.

Кирешелер комитетигин жетекчилери карызды кайтарып берүүнүн тартибин жеңилдетүү керек экендигин моюндарына алышканы менен, экспорт болгонун далилдөөчү кагаздарды талап кылуудан баш тартпай тургандыктарын билдиришти. Алардын айтымында, экспорт кылдык деп жалган документ толтуруп, казынадан акча өндүрүп алган шылуундар мурда көп болуптур:

- Ишканалардын чоңдору бул жерде «биз экспорт кылганбыз, кайрып бербей жатышат» деп көкүрөгүн уруп жатышат.Биз кереги жок документ сураган жокпуз. Биз экспорт болду дегенди тастыктаган гана документтерди сурап жатабыз – деди Адылбек Касымалиев.

Көп маселелер жолугушууда чечилбегени менен, ишкана жетекчилери мындай эки тараптуу жолугушуу пайдалуу экенин билдиришти.
XS
SM
MD
LG