Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Иран менен Орусия ядролук жаатта кызматташтыкты арттырышат


Иран менен Орусия ядролук жааттагы кызматташтыгын арттырып, келээрки жумада Тегеранда атайын протокол кабыл алаарын билдиришти. Орусия Иран менен өзөктүк программасын тынчтык максатта колдонуп, кызматташууга даяр экендигин айткан. Ал эми АКШ Иранды “жашыруун түрдө” өзөктүк курал жасап жатат деп айыптап келет. АКШнын президенти Жорж Буш бул тууралуу кечээ дагы бир жолу кайталады.

- Эгерде мен Израилдин лидери болгонумда, айрым ирандык аятоллалардын менин өлкөмдүн коопсуздугу тууралуу билдирүүлөрүн уккандан кийин, өзөктүк куралы бар Иран тууралуу өзгөчө кызыга баштамакмын. Израиль – биздин союздашыбыз жана, эгерде анын коопсуздугу коркунучта калса, биз дайыма ага жардам бергенге даярбыз, - деди АКШ президенти Жорж Буш.

Жорж Буш, ошондой эле Сирияга кайрылып, аны Ливандан өзүнүн аскерлерин алып кетүүнү дагы бир ирет суранды. Буш Сирияны бул аракетке түрдүү үчүн Европалык лидерлер тараптан да колдоо күтөөрүн айтты.
Анын ишениминде, Сирия Жакынкы Чыгышты тынчтыкты орнотууга алакыт болуп келген.

XS
SM
MD
LG