Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Иракта шайлоонун жыйынтыктары белгилүү болду


Ирактын Борбордук Шайлоо Комиссиясы 30-январда өткөн жалпы шайлоонун жыйынтыктарын жарыялады. Ирактын Борборшайлоокомунун өкүлү Хамдия ал-Хуссейндин билдиришинче:

- Парламенттеги 275 орундун 140ы шийилердин “Биргелешкен ирактык альянсына” берилмей болду. Ал эми күрддөрдүн партиясы 74, азыркы президент Айад Аллавинин блогу 40 орунду ээлешет, - деди Ирактын Борборшайлоокомунун ырасмий өкүлү Хамдия ал-Хуссейн.

Ирактын улуттук Ассамблеясы эми өлкөнүн Конституциясын иштеп чыгып, президентти, вице-президентти жана өкмөт башчысын тандашы керек. Ирактын өкмөтүн жетектөөгө эки талапкер көрсөтүлүүдө. Булар, азыркы вице-президент Ибрагим ал-Жаафари жана “Ирактын улуттук конгрессинин” лидери Ахмад Чалаби.

XS
SM
MD
LG