Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Жалалабад облусуна көчмө үкөктөр жете элек


ЖАЛАЛАБАД. Облустагы 14 шайлоо округундагы участкалык 385 комиссияга 1100 көчмө үкөгү зарыл. 18-февралда облустук шайлоо комиссиясына борбордон 495 миң шайлоо бюллетени жеткирилди. Облустук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, район, шаар бийликтери менен айыл өкмөттөрү шайлоочулардын тизмесин даярдоого жоопкерчиликсиз мамиле кылышкандыктан кошумча 24 миң шайлоочу аныкталды, тизмелер дагы текшерилмекчи. Баш бармакка белги коюучу сыя менен 785 даана ультра жарык берүүчү жабдык аймактык комиссияларга жума күнү таркатылды.

XS
SM
MD
LG