Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

«Кел-Келдин» лидери жазаланды


БИШКЕК. 18-февралда Бишкектин Свердлов райондук соту «Кел-Кел» өнөктүгүнүн лидери Алишер Мамасалиевге 500 сом айыппул салды. Ал Шопоков көчөсүндөгү гүл саткан дүкөнчүлөрдүн Жеңиш аянтынын жанында митинг уюштургандар ишке тоскоолдук кылды деген арызы боюнча ачылган административдик иштин негизинде жазаланды. Ага тартип коргоо органдарына баш ийбей койду деген кине да коюлган. Аталган райондук сот ушундай эле кине менен айыпталган «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловго ачылган административдик ишти кароону 22-февралда улантат. Сот ишти 17-февралда карай баштап, бирок сот жараянына арыз ээлери, тактап айтканда, Шопоков көчөсүндөгү гүл саткан дүкөндүн сатуучуларынын көрсөтмө берүүгө келбей койгондугунан улам токтогон болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG