Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Бейөкмөт уюмдар К. Бакиев шайлоодон четтетилишин талап кылууда


БИШКЕК. 18-февралда жарык көргөн «Слово Кыргызстана» гезитинин тиркемеси «В Конце недели» жумалыгында «Зеңги баба», «Консенсус семь», «Биригүү» жана башка бир нече өкмөттүк эмес уюмдардын Борбордук шайлоо комиссиясына жазган каты жарыяланды. Анда Кыргызстан элдик кыймылынын лидери, №25 Караүңкүр шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттагына талапкер Курманбек Бакиевди шайлоодон четтетүү талабы коюлган. Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн пикиринде, буга Курманбек Бакиевдин «Аргументи и факты» гезитине үгүт мезгили башталганга чейин интервью берүүсү себеп болду. Кыргызстан Элдик Кыймылынын лидерлеринин пикиринде, Курманбек Бакиев менен «МСН» гезитине жасалган чабуул бир убакта бекер жеринен чыккан жок. Кыймылдын мүчөлөрүнүн айтымында, Аскар Акаев талапкерликке аттанган өз кызын үгүт иштери башталганга чейин эле мактап-жактаганына унчукпаган өкмөтчүл бейөкмөт уюмдардын шайлоого тиешеси жок маеги үчүн Бакиевге асылганы түшүнүксүз. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Нина Мухина «В конце недели» тиркемесинде жарыяланган кайрылуу боюнча кандай чара көрүлөөрү азырынча белгисиз экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG