Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:56

Кыргызстан элдик кыймылы «МСНди» коргойт


БИШКЕК. «МСН» гезитин президенттин сотко берүүгө камынуусуна байланыштуу 18-февралда Кыргызстан Элдик Кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова маалымат жыйынын өткөрүп, көз карандысыз басылманы коргоо үчүн Элдик кыймыл бардык мыйзамдуу чараларды көрөөрүн билдирди. Ал кыймылдын атынан элге жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жасап, чындыкты жазган гезитти коргоп калууга чакырды. Ишенгүл Болжурова президент Акаев тараптан ички жана тышкы саясий аренада өлкө стабилдүүлүгүнө коркунуч турат деп санайт:

- Өтө оор кырдаал түзүлүүдө. Туталанган бийлик эң жаман кадамдарга барышы мүмкүн. Кыргызстан коркунучта турат.

Маалымат жыйынына катышкан СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев «МСН» гезитин коргоо үчүн гезиттин редакциясынын алдына чатырча тигип жатаарын жарыялады. Оппозициялык кыймылдын лидерлеринин пикиринде, «МСН» гезитине жарыяланган маалыматтар чындыктан алыс эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG