Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

ИРАК ПАРТИЯЛАРЫ УЛУТТУК ӨКМӨТТҮН КУРАМЫН ТАЛКУУЛОГО КИРИШТИ


Иракта 30-январда болгон жалпы элдик шайлоонун соңку жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, жаңы Улуттук ассамблеядагы орундардын теңинен бир аз көбү шииттер бирикмесине тийди. Парламенттеги экинчи чоң күч-премьер-министр Аяд Аллави башындагы күрт партияларынын блогу болот. Шиит арабдардын альянсы кубаттуу болгону менен, парламентте басымдуу көпчүлүктү түзпөйт. Ошондуктан, шииттер башка партиялардын макулдугу жок премьер-министрге өз өкүлүн койо албайт.

Бейшемби күнү Иракта 30-январда өткөн шайлоонун корутундулоочу жыйынтыгы жарыяланды. Ага жараша, шиит арабдардын Бирдиктүү Ирак альянсы жана Күрттөрдүн бирдиктүү блогу жаңы парламентте үстөмдүк кылат.

Шайлоо комиссиясынын өкүлү Хамдия ал-Хусейн айымдын маалымдашынча:

- Маарага биринчи келген Бирдиктүү Ирак альянсы 140 орунга ээ болду. Экинчи келген Күрд альясына 75 мандат тийди. Убактылуу өкмөт башчы Аяд Аллави башындагы блок 45 орун алып, үчүнчү келди. Убактылуу президент Явар ал-Гази башындагы топ беш мандатка жана түрктөрдүн блогу үч мандатка ээ болушту.

Эми парламенттик шайлоодо жеңген партиялар алдында жаңы өкмөттү куруу милдети турат. Бул иш премьер-министрди, өлкө президентин жана анын эки орун басарын шайлоодон башталууга тийиш.

Шииттер өз ара сүйлөшүүдө “Дава” партиясынын лидери Ибрагим ал-Жафарини премьер кылалы деп макулдашкан. Шииттердин Бирдиктүү Ирак альянсына “Дава” партиясы жана Ислам революциясынын Жогорку кеңеши кирет.

Лондондук талдоочу Яхя Сейиддин айтышынча, өкмөттүн курамын парламентте көпчүлүктү түзгөн шиит-арабдары менен күрт партиялары аныктаары шексиз:

- Бирдиктүү Ирак альянсы жана Күрттөрдүн блогу өз ара бириксе көпчүлүктү түзүп калат. Ошон үчүн эки топ эмне болсо да чогуу иштегенге мажбур.

Яхя Сейиддин боолголошунча, күрттөр президенттин ордун бизге бергиле деп көшөрүп туруп алып, шиит парламентарийлерин кыйын абалга коюшу мүмкүн:

- Күрттөр альянска үч шарт койду. Президент күрт болуусун,күрттөрдүн укугун таанууну, анын ичинде Киркукка болгон ээлигин жана Ирактын теологиялык мамлекет болбосун талап кылышты.

Көпчүлүк күрттөр мунайга бай Киркукту өздөрүнүн борбору кылууга дилгир. Ирактын түндүгүндөгү бу шаардын калкынын теңинен көбүн түрктөр, сунни арабадары жана башка майда улуттур түзөт.

Күрт партиялары Ирактын жаңы иштелип чыкчу убактылуу Конституциясында үч күрт провинциясына вето укугун берүүнү да талап кылып жатышат.

Талдоочулардын айтымында, шиит партиялары эски өкмөттүн Саддамга ишенимдүү өкүлдөрүн айрымдарын бийликке тартып, БААС партиясынын мүчөлөрүн бийликтен четтетүү боюнча чечкиндүү иш жүргүзбөгөн Аяд Аллавинин саясатына ачык каршы болору күмөндүү. Ошон үчүн, алар Аллавини премьер-министрдин орун басары кылып калтырууга аракет кылышы ыктымал.

Ал эми шииттер премьердик орунга ылайыктуу көргөн ал-Жафари саддамчыларга каршы катаал саясат жүргүзөөрүн жашырбайт. Ал күрт лидерлеринин бири Жалал Талабанинин президент болушуна да каршы эмес экенин билдирди.

Ирактын жаңы парламенти үчүн сунни арабдардын проблемасы өтө татаал маселе болчудай. Суннилер өлкөдө саны боюнча экинчи орунда турат. Бирок, алардын көбү коопсуздук маселесине байланыштуу жана АКШнын оторчулугуна нааразылык иретинде шайлоого катышкан эмес.

Арийне, шиит-арабдары сунни арабдар менен бириксе, аларга күрттөрдүн кысмагына каршы турууга жеңил болот.

XS
SM
MD
LG