Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

КМШ окумуштууларынын жыйыны өттү


БИШКЕК. Жыйында президент Аскар Акаев сөз сүйлөп, КМШ өлкөлөрүндөгү илимий ишмердүүлүктү, билим берүү тармагындагы жараяндарды интеграциялоонун маанисине токтолду. Жыйында КМШнын алкагында бирдиктүү гуманитардык мейкиндикти түзүү маселеси да талкууланды. Кеңешмеде быйыл Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин алдында Москвадагы Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинин филиалы ачыла тургандыгы жөнүндө маалымдалды. Жыйынга Орусия, Беларусь, Латвия, Азербайжан жана Кыргызстандын Илимдер Академияларынын окумуштуулары катышты. Кыргызстандын жана Орусиянын Улуттук Илимдер Академиялары, Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттин демилгеси менен уюштурулган бул жыйында постсоветтик өлкөлөрдүн билим берүү тармагындагы маселелер, жаңы эл аралык стандарттарды калыптандыруу жараяндары, Болон процессине катышуу маселелери талкууланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG