Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

ҮГҮТ УБАГЫНДА ЖУРНАЛИСТТЕРДИН УКУКТУК САБАТЫ ТЕКШЕРИЛЕТ


19-февралда Бишкекте «Кыргызстандын маалымат мейкиндигин кеңейтүү көйгөйлөрү» аттуу «тегерек үстөл» болду. Анда массалык маалымат каражаттарынын 27-февралда боло турган парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусу жана алардын укуктук сабаттуулугу талкууланды.

«Тегерек үстөлдө» массалык маалымат каражаттарынын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусу менен жоопкерчилигине башкы көңүл бурулду.

“Медиа өкүлчүлүк” институтунун ага юристи Илимбек Карыпбековдун айтымында, шайлоочулар, талапкерлер жана журналисттер тарабынан үгүт иштерине байланышкан суроо- талаптар көп түштү:

- Көп массалык маалымат каражаттары үгүт иштерин жүргүзүп, бирок, ага каражат кайдан алынганын көрсөтпөй жатышат. Кадыресе маалымат менен үгүттүн ортосундагы айырманы билбей жатышат. Кайсы бир талапкер жөнүндө жөнөкөй эле маалымат катары жазат, бирок, анда үгүттөөнүн белгилери байкалууда. Журналисттер ошондой маалымат үчүн жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн.

Жыйында Борбордук Шайлоо комиссиясынын маалымат жана анализ бөлүмүнүн башчысы Нина Мухина массалык маалымат каражаттары Шайлоо Кодексинин жана өз ишмердүүлүгү боюнча мыйзамдардын талаптарын билбейт деп билдирди. Көпчүлүк маалымат каражаттары үгүт иштеринде кызмат көрсөтүү акысы көрсөтүлгөн арыздарын мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө беришпегендиктен четте калып, азыр бул ишке болгону 90 маалымат каражаты катышып жатат:

- Маалыматтан артта калышкан. Албетте, каражаттардын ар биринин өз көйгөйлөрү бар, бирок, үгүт ишине катышуу боюнча алга умтулуусуна түрткү болгон таяныч жок.

Жыйынга катышкан журналисттер Шайлоо Кодексинин үгүт иштери боюнча жоболору бири-бирине карама-каршы келет деп, Борбордук Шайлоо комиссиясы маалыматты алыскы райондорго убагында жеткирген жок деп нааразы болушту.

Жалалабад шаарындагы «Жалалабад үнү» гезитинин редактору Клара Тапкееванын айтымында, Шайлоо Кодексинин 30-беренесининин 9-пунктунда мамлекетке тиешелүү маалымат каражаттары талапкерлер тууралуу маалыматтарды бекер таратат деп жазылгандан улам кээ бир маалымат каражаттары арыз бербей, үгүт иштерине катыша албай калышты.

Мындай мүчүлүштүк 30-берененин 9-пункту менен 32-берененин 4-пунктунун карама-каршылыгынан пайда болгондугун мойнуна алган Нина Мухина журналисттердин өзүн сергек болууга, президенттик шайлоо алдында менчиктин формасына карабай алдын-ала арыз берүүгө чакырды:

-Мыйзамды ар ким ар кандай талдайт. БШКдагы эки юрист бул берене боюнча эки башка түшүндүрмө берип жатат. Ошон үчүн силер өзүңөр абалды жакшы билишиңер керек.

Мына ушундай башаламандыктан улам райондордогу айрым гезиттер БШКдан каттоодон өтпөй эле үгүт материалдарын жарыялап жатат. «Жалалабад үнү» гезитинин редактору Клара Тапкееванын айтымында,мындагы башкы көйгөй маалымат каражаттарынын каражатка көз карандылыгынан келип чыгууда:

- Райондук гезиттер үгүт материалдарын жабыратып эле басып киришти. Балким, алардын таянгандары бардыр. Анын үстүнө Борбордук Шайлоо комиссиясынан бирөө «Клара, сен деле ошондой иштерди жасай бер, Бишкекте мындай окуялар аябай көп болуп жатат. Эгер кимдир бирөө сотко берсе болгону 5 миң сом төлөйсүң» деп айтты.

Мына ушундай талкуудан кийин «тегерек үстөлдүн» катышуучулары «Саясий реклама» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу зарылдыгы бышып жетилди деген бүтүмгө келишти.
XS
SM
MD
LG