Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Түркмөнстандын борборунда аскери парад болду


Өлкө кош майрамды - мамлекеттик желек күнүн жана президент Сапармурат Ниязовдун алтымыш бешке толгонун – белгиледи. Куттуктоо сөзүндө коргоо министри генерал Агагелди Мамметгелдыев президент Ниязовду “түркмөн элинин такылет жолбашчысы” деп атады. Майрамга Ниязов өзү катышкан жок. Ал эми Москвада Түркмөнстандын элчилиги алдында митинг болуп, Ниязовдун диктатордук режими бул өлкөдөгү орус тилдүү калкты кодулап, басынтып жатканы үчүн айыпталды. Эл аралык укук коргоочулар Ниязовдун бийлигин дүйнөдөгү эң ашынган авторитардык режимдердин бири деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG