Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Баян Жумакадыр кызы, Прага Иракта шийилердин чоң диний майрамы Ашуранын башталганына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Террорчулардын четтен кирүүсүнө бөгөт койуу үчүн чек аралар шейшембиге чейин жабылды.18-февралда Багдадда шийилердин мечитинде жардыруу болуп, андан, айрым маалыматтар боюнча, 30дай киши курман болду, ондогон кишилер жаракат алган. 19-февралда болсо Багдадда мотоциклчен киши өзүн-өзү жардырып, төрт кишинин өлтүрүп, 40тай кишинин жарадар кылды. Шаардын Кадамия деген чөлкөмүндө автобус жардырылып, андан 4 киши курман болуп, 46 киши жараат алды.

Ашура - шийи мусулмандарынын эң чоң майрамы. Иракта, Иранда жана башка кошуна өлкөлөрдө жашаган шийилер Ирактын Кербала шаарына келип, Мухамед пайгамбардын 680-жылы курман болгон небереси Имам Хусейиндин арбагына сыйынышат.

Зыяратчылар ыйык туткан имамын өздөрүн кан чыкканча койгулап, добулбастардын коштоосу менен, ураан чакырып, эскеришет. Ушул тапта жүзмиңдеген шийилер Кербаладагы Имам Хусейин мечитинин айланасына чогулуп, майрамдап жаткан кездери.

Былтыр Ашуранын учурунда Кербала менен Багдадда жардырылган бомбалардан 170тен ашык киши курман болгон. Мындай кан төгүүнү болтурбоо үчүн быйыл баш калаада, имам Хусейин койулган Кербалада жана шийилердин ыйык жайлары жайгашкан башка жерлерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Көчөлөргө коопсуздук күчтөрү жайгаштырылып, өткөн барган шектүү адамдар тинтилип, текшерилүүдө. Ирак коопсуздук күчтөрүнүн шаар-кыштактарда өткөргөн операцияларынын натыйжасында 1500 террорист камакка алынды. Бул жөнүндө Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү полковник Салам Тарада ал-Маомоури антитеррордук операциялар боюнча мындай дейт:

- Вавилондун түндүк тарабындагы чөлкөмдөрдө бир жарым миң террорист камакка алынды. Антитеррордук операциялар Ал-Латифия, ал-Искандария, Ал-Хашва, Ал-Махмудия шаарларында жана ал-Рашид деген кыштакта өткөрүлдү. Кармалгандардын 85 проценти аталган чөлкөмдөрдүн тургундары. Операциялар дагы эле уланууда.

Ошону менен бирге эле өкүл террористтер деп кармалгандардын ичинде Мисирдин, Сириянын, Ирандын, Пакистандын жана Ливандын жарандары бар экенин кошумчалап, алардын бир тобу Абу-Мусаб аз-Заркави менен түздөн-түз байланышта болгондугун баса белгиледи.

Мындай катаң чараларга карабастан, Иракта ишемби күнү да зордукчул аракеттер уланды. Багдадда жума күнкү терактта курман болгон аялдын тажыясында бир адам капилеттен эле ок ачып, жети кишини жарадар кылды.

Андан соң мотоциклчен бир жигит котологон кишилерди сүздүрүп барып, өзүн-өзү жардырып жиберди. Натыйжада 4 киши курман болуп, 40тай киши жаракат алды. Буга күбө курман болгондор өлгөндөрдүн арасында кечээги терактта мерт болгон аялдын жакындары бар экенин баяндашат.

- Ал түз эле бул жерге сүзө качырып кирип, өзүн жардырып жиберди. Жардыруудан маркумдун күйөөсү, эки уулу, тууганы менен эки небереси жан берди. Бул болуп көрбөгөндөй чоң жоготуу,-деди бейтааныш адам.

Андан көп өтпөй Хадамия деген чөлкөмдө автобус жардырылып, андан төрт киши курман болуп, 46 киши жарадар болду. Быйылкы Ашура шийилердин саясий альянсы Ирактын Саддам Хусейиндин режими кулагандан кийинки алгачкы шайлоосунда жеңгендигин жарыялаган соң өтүп отурат.

Шайлоонун натыйжасында жылдардан бери четте калып келген шийилер бийликке келди. Өлкө калкынын 60 процентин түзгөн шийилерди Саддамдын сунни өкмөтү басмырлап келген эле.

Көптөгөн ирактыктар азыркы кол салууларды шайлоону бойкоттоонун натыйжасында бийликтен четте калган суннилер уюштуруп, өлкөдө ички согушту тутандырууга аракеттенип жатышат деп чочулоодо. Бирок шийи диний жетекчилиги суннилерден өч алуу аракеттерине жол бербей турганына ишендирүүдө.
XS
SM
MD
LG