Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

АКШнын экс-президенттеринин миссиясы уланууда


Мурдакы президенттер Билл Клинтон жана улуу Жорж Буш бүгүн Индонезиянын Банда Ачех провинциясында болушуп, 26-декабардагы топон сууда жабыркаган калк менен кездешти. Экс-президенттер табигый апаатта жабыркаган аймактарга жардам көрсөтүү үчүн атайын миссия менен Түштүк Азия өлкөлөрүн кыдырып жүрүшөт.

Клинтон кечээ Тайландда жасаган кайрылуусунда дүйнө өлкөлөрүн мурда берген убадаларынан көбүрөөк жардам көрсөтүүгө үндөдү:

- Биз, эл аралык коомчулукту өзүнө алган милдеттенмелерин аткарууга жана мүмкүн болсо дагы 4 миллиард доллардай жардам берүүгө чакырабыз. Биз акча туура пайдаланаарына ишенишибиз керек.

Билл Клинтон жанан улуу Буш сапарын Шри Ланкада улантышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG