Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Ирактын батышында козголоңчуларга каршы чукул чара көрүлдү


Анбар чөлкөмүндөгү америкалык жана ирактык аскерлер чукул кырдаал абалына өткөрүлдү. АКШнын аскерий жетекчилиги катаал чара Ирак өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча өткөрүлүп жатканын маалымдады. Курамына Фаллужа, Рамади жана Сирияга чектеш жайгашкан Кайым шаарлары кирген Анбар чөлкөмү козголоңчулардын ордосу эсептелет. Бүгүн Фаллужанын четинде ирактык үч жоокердин жасаты табылды. Ишемби күнү Анбар чөлкөмүндө америкалык жоокер ок жаңылып курман болгон. Кечээ Кербала шаарында ыйык Ашура майрамын белгилешип, зыярат кылып жүргөн шийитерге каршы жанкечтилер жасаган чабуулдардан бери дегенде 55 кишинин өмүрү кыйылды. Акыркы эки күндө шийитерге каршы чабуулдарда 90дөй киши набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG