Линктер

шаршемби, 25-январь, 2017 Бишкек убактысы 07:29

Кыргыз спортчулары Эверести багындырат


БИШКЕК. 30-мартта Кыргызстандын алгачкы экспедициясы Эверест чокусун багындырууга жөнөйт. Ага негиз берген токтомду кыргыз өкмөтү жакында кабыл алды. Ага ылайык бийиктиги 8 миң 848 метр болгон Эверест чокусуна жүрүш 30-мартта башталып, ал 3-июнда аяктайт. Азыр Туризм, спорт комитети альпинизм, аскага чыгуу федерациясы менен бирге чокуга чыгуучу команданы даярдоого киришти. Адистердин айтымында, Эверестке чыгуунун баасы 150 миң доллар болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG