Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

МГУ Кыргыз-Славян университетине жардам бермекчи


БИШКЕК. Орусиянын М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университети менен Бишкектеги Кыргыз-Славян университети илимий парк түзүү боюнча макулдашууга кол койгону жатышат. Бул тууралуу МГУнун ректору Виктор Садовничий КМШдагы илимий коомчулук өкүлдөрүнүн ишембиде Бишкекте өткөн мамлекеттер аралык кеңешмесинде билдирди. Анын айтымында, илимий парк Кыргызстандын илимпоздорунун башка өлкөлөргө кетпей, экономиканы көтөрүү үчүн эмгектенишине жол ачат. Ал эми МГУнун илимий паркында түзүлгөн 38 кичи илимий-техникалык ишканада 2,5 миң илимпоз эмгектенет. Андан тышкары МГУ Кыргыз улуттук университетинде өзүнүн бөлүмүн ачууга камданууда.

XS
SM
MD
LG