Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн союзун түзүүгө карата пикирлер


БИШКЕК. «Борбор Азиядагы мамлекеттердин бирдиктүү союзун түзүү азыр мүмкүн эмес». Кыргызстандын экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев мындай пикирин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Борбор Азиядагы мамлекеттердин союзун түзүү сунушунан кийин билдирди. Казакстандын президенти өз өлкөсүнүн парламентине кайрылуусунда тили, маданияты, экономикалык кызыкчылыктары бирдей Борбор Азия мамлекеттеринин бирдиктүү союзун түзүүнү сунуштаган. Иманалиевдин айтымында, региондогу өлкөлөр Чыгыш Азиядагы мамлекеттердин экономикалык союзундай болуп бириксе болот жана ага эки жагдай: экономикалык кызматташуу менен коопсуздук маселеси негиз болуп бере алат. Бирок жеке дымагы күчтүү азыркы президенттер бийликте турганда жана чек ара,экономикалык жеке кызыкчылыктар курчуп турган кезде андай союзду түзүү мүмкүн эмес. Ал эми экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаева бул - президенттер эмес, Борбор Азия мамлекеттеринин эли жана парламенттери чече турган олуттуу маселе экендигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG