Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

«МСН» гезитин коргоо максатында пикет өтөт


БИШКЕК. 21-февралда бир катар бейөкмөт уюмдар Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышат. Мындай маалымат 20-февралда «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунан алынды. Маалыматка караганда, алар мындай аракети менен «МСН» гезитин коргоо максатын көздөп жатышат. Ал эми президенттик администрациянын юридика бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов президент Аскар Акаевди «МСН» гезитине каршы доо арыз берүү ниетинен баш тартууга чакырган «Интерньюс-Кыргызстан» уюму менен Медиа өкүлдүн институтунун билдирүүсүн бир жактуу деп сынга алды:

- Менин юрист коллегаларым бир жакты гана көздөп, бир тараптын гана кызыкчылыгын көздөгөн көз караштарын билдиргени өкүнүчтүү. Мен Медиа өкүлдүн институтунун билдирүүсүнөн да мына ушундай бир жактуулукту көрдүм. Эгер президенттин кайрылуусун кунт коюп уксаңар ал жерде гезитке тандоо, башкача айтканда, эгер гезит маалыматты жокко чыгара турган болсо сотко бербей тургандыгы айтылган. Демек, президент катуу чечимге барды дегенди билдирбейт. Эмне үчүн билдирүүдө экинчи тараптын кызыкчылыгы тууралуу сөз жүрбөйт?

Медиа өкүлдүн институту 18-февралда тараткан билдирүүсүндө президенттин эркин гезитти сотко бергени демократиянын аралчасы деп аталган Кыргызстандын эларалык аброюна шек келтирип, шайлоо алдында маалымат каражаттарынын ишине терс таасир берерин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG