Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

КЕНДИРДИ ГЕНДЕРДИК ТЕҢСИЗДИК КЕСИП ЖАТАТ


Соңку он жыл аралыгында кыргыз бийлиги аялдар менен эркектердин теңчилигин камсыз кылуу максатында бир катар программаларды иштеп чыккан. Бирок алардын турмуштагы кайтарымы өтө эле жупуну.

Президенттин демилгеси менен «Үй-бүлө, аялдар маселеси жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш» түзүлүп, анын төрагалыгына мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов дайындалган. Жакында Ибраимовдун жетекчилигинде аталган кеңештин отуруму болуп, анда төрага Кыргызстанда гендердик саясатка байланыштуу программа, долбоорлор турмушка ийгиликтүү ашырылып жатканын маалымдады.

Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү гендердик саясатты мамлекет тарабынан колдоо кагаз жүзүндө эле калууда, деген пикирлерин айтышууда.

Бул маселеге байланыштуу «Үй-бүлө, аялдар маселеси жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин» жооптуу катчысы Бактыгүл Тогонбаевага “гендердик саясатка байланыштуу мындан үч жыл мурда атайын кабыл алынган программага эмне жыйынтыктарды берди?” деген суроо менен кайрылдым. Жооп мындай болду:

- 2002-06-жылдары Кыргыз республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттенүүнүн улуттук планы президент Аскар Акаевдин жардыгы менен кабыл алынган. Негизги план беш жылга белгиленген. Ар бир жылда секретариаттын астында көп максат коюлган. Мисалы, “аялдар менен эркектердин теңчилигиндеги кездешкен тоскоолуктарды кандай жоюш керек” жана башка маселелер пландаштырылган.

- Ошол теңчиликтин болушу үчүн секретариат кандай иштерди жасап жатат?

- Өзүмдүн бул кызматка келгениме аз эле убакыт болду. Бул секретариат уюшулгандан берки көп эле иш жасаптыр. Нормативдик документтердин базасын түзүүдө көптөгөн документтер түзүлүптүр. Мыйзам чыгаруу жыйынында, Эл өкүлдөр жыйынында гендердик саясатка байланыштуу мыйзамдар чыгарылыптыр. Мисалы, 2001-жылы «Кыргызстандын аялдары кылымдардын тогошуусунда» деген эл аралык конференция өтүптүр. Ал конференцияда «Аялзат» улуттук программасынын жыйынтыгы чыгарылган. Аскар Акаевдин жарлыгынын негизинде Кыргызстанда гендердик өнүктүрүү сыйлыгын уюштуруу жөнүндө жардык чыгарылган. Бул жарлыктын негизинде 8-март аялдардын эл аралык майрамынын уюштурулушунун 95 жылдыгынын алдында токтом кабыл алган. Токтомго ылайык биз көптөгөн маселелерди коюп жатабыз. Быйылкы жай айында аялдардын эларалык форумун өткөрсөк деген ойдобуз. Ал форумдун маңызы аялдарга кандай багыттагы жардамдарды берүү керек деген маселелер каралмакчы.

- Бактыгүл айым, ар кандай программалар, долбоорлор каражатсыз бүтбөсү мыйзамченемдүү көрүнүш, республикалык бюджет, эл аралык уюмдар каржы жагынан кандай жардам берип атат?

- ПРООН, ЮНИСЕФ жана башка коомдук уюмдар колдоп жатышат. Бюджеттик каражат азыраак болуп турат. Бирок каржы министрлиги бизди колдоп берсе деген ойдобуз.

Ал эми парламенттин экс-депутаты, профессор Рахат Ачылова Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийинки жылдары гендердик саясатка мамлекет тарабынан маани берилбей калды деген пикирде:

- Бул маселени мен депутат болуп турганда көтөргөм. Себеби гендер саясаты комитетинин төрайымы болчумун. Экинчиден, илимий жагдайыма да тиешеси бар эле. Кыскасы биздин мамлекетте гендердик саясат жок. Айтканыбыз менен ишибиз туура келбейт. Биз танып, чанып келген социалисттик доордогу совет өкмөтүнө миңден бир ыраазычылык билдириш керек. Биздин гендердик саясатка мышык ыйлайт. Президенттик аппаратта, өкмөт башчылыгында, депутаттардын арасында бир баш көтөргөн аял жок. Ааялдардын саясатта болушу эркектердин одоночулугун, агрессиясын жумшартаары ачыктан ачык тажрыйба жүзүндө далилденген. Биздин кыргыз элинин терең философиясы, бар ал - кыргыз кызын сыйлайт. Эч качан дискриминация кылган эмес. Кийинки жылдары Роза Отунбаевага окшогон чыгаан, тың кыздар чыгып келатат. Ушул кыздар жакшылап күрөшүп, демократияны чыныгы нукка бурат деген үмүттөбүз.

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу органдарындагы аялдардын ролу, алардын парламенттик шайлоого байланыштуу саясий өнөктүккө катышуусу кандай? Бул маселелер боюнча кесиптешим Азиза Турдуева даярдаган материалдан таанышсак:

- Жакында Кыргызстандагы аялдардын бейөкмөт 7 уюму өлкөдөгү гендердик теңчиликке багытталган “Аялдар үчүн добуш бергиле” деп аталган платформасын кабыл алышты. Анын башкы максаты: парламентке аялдардын арасынан көбүрөөк талапкерлерди өткөрүү, шайлоо өнөктүгүнө аялдардын активдүү катышуусуна көмөктөшүү, өлкөнүн бакшаруу органдарында иштеген аялдардын санын көбөйтүү иштерине өкмөттүн катышуусун талап кылуу, аялдар башкарган бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу.

Өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдардын пикиринде Кыргызстан «Аялдардын укуктарын сактоо жана гендердик өнүгүүгө көмөктөшүү» келишиминде каралган эларалык конвенцияларга кошулгандыгына карабастан кыргыз өкмөтү азырга чейин милдеттерин аткарбай келет.

Айрым пикирлерге караганда Кыргызстандын башкаруу органдарында иштеген аялдардын санынын аздыгы өлкөдөгү кадр саясатындагы кемчиликтерден улам чыккан маселелердин бири. Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова да ушундай оюн айтты:

- Бизде билимдүү, адис катары жакшы тажрыйбасы бар, эларалык тажрыйбага ээ көптөгөн аялдар бар. Мейли саясий, башкаруу, илимий чөйрөсүндө же билим берүү, социалдык тармактарды алалы, аялдардын ичинен адистер жетиштүү. Аялдардын башкаруу тармагына көп тартылбай жаткандыгы биздеги кадр саясатына байланыштуу. Аялдарды жооптуу кызматтарга тандоо жакшы болбой жатат. Анткени бизде кадрлар тааныштык, жердешчилик, акча берүүнүн негизинде тандалып жатат, - дейт Ишенгүл Болжурова.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн көз карашында, өлкөдө аялдар үчүн бийлик органдарына атайын квоталар жана шайлоонун пропорционалдык системасы киргизилмейинче алардын саясаттагы орду жогорулабайт. Буга байланыштуу “Социалдык технологиялар боюнча агенттик” бейөкмөт уюмунун өкүлү Гүлнара Ибраева мындай дейт:

- Биздин өлкөдө пропорционалдык система кайрадан киргизилиши керек. Ошондо саясий партиялардын тизмелерине аялдарды киргизүү боюнча квота каралса жакшы болмок. Же болбосо жалпы эле гендердик квотанын киргизилгени оң. Ансыз башкаруу органдарындагы аялдардын санын жогорулатуу мүмкүн эмес. Биз - бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мындан ары бул маселенин чечилишин өкмөттөн талап кылабыз.

Белгилүү болгондой, өлкөнүн парламентинде да аялдардын саны аз. Мисалга алсак, 1995-жылы парламентте аял депутаттардын саны 4, 7 пайызды түзсө, 2000-жылы бул көрсөткүч 7 пайызга өстү.

Айрым пикирлер боюнча аялдар бул парламентке мурдагыдан да аз өтүшү ыктымал. Талапкерлигин көрсөткөн 473 адамдын 44ү гана аялдар. Мындай көрүнүш аялдардын абалына, пропорционалдык системанын алынып салынышына, аялдардын саясий активдүүлүгүнүн төмөндүгүнө жана башка себептерге байланыштуу. “Жаңы күч” саясий партиясынын жетекчиси Токон Шайлиеванын көз карашында, аялдардын эркектерге караганда парламентке аз өтүшү өлкөдөгү электораттын тең жарымын түзгөн аялдарга да байланыштуу:

- Аялдар парламентке көбүрөөк өтүшү үчүн аялдар өздөрү аларга көбүрөөк добуш бериши керек. Ансыз аялдар парламентке өтө алышпайт. Аялдар акча жана башка нерселерди тараткан талапкерлерге эмес, аялдарга добуш бериши керек. Депуттаттыка талапкерлигин койгон аялдар көпчүлүк учурларда эркектерге тең келип, акча чачып, добуштарды сатып алууга бара албайт. Аялдар депутат болуп калышса, көйгөйлүү маселелер боюнча мыйзамдарды да кабыл алууга көбүрөөк көңүл бурушат.

- Азиза Турдуевага ырахмат. Бишкек шаар тургундарынын аялдар менен эркектердин теңчилигине карата пикирлери кандай, гендердик саясатка байланыштуу программадан карапайым калктын маалыматы барбы? Бул жөнүндө кесиптешим Алина Кангелдиева көчөдөн пикир-ойлорду сураган эле:

- Менин суроомо жооп берген алгпачкы маектешимдин пикири мындай болду:

- Гендердик саясат бир аз кечигип жатат. Конституцияда деле аялдар менен эркектер тең укуктуу болуш керек деп көрсөтүлгөн. Биз көп учурларда эркектерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берип коюп жатабыз. Аялдарды дагы эле улуттук менталитет менен карап, аларга эч кандай мүмкүнчүлүк бербей жатабыз. Ар бир бийликтин тармагында аялдар сөзсүз болуш керек. Кийинки учурларда гендердик саясатка жогорку бийликтен баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин ар бир орунга бирден аял кишилер дайындалышы керек. Эгерде атайын квота берилсе аялдар Жогорку Кеңеште депутаттардын жок дегенде 20-30 % ээлесе кандайдыр бир деңгээлде гендердик саясат өзүнүн кызыкчылыгына жетмек.

Өзүн Камиля деп тааныштырган аял: - Биз азыр демократиялык мезгилде жашап жатабыз. Бардык жерде аялдар эркектер менен теңтайлашып, атсалышып, депутаттыкка канча деген аялдар ат салышып жатышат. Мунун өзү эле тең укуктуу дегенди айтып турат.

Бишкектин тургуну Курманбек: - Аялдарды басынтуу деген салтыбызда жок. Окууда болобу, мыйзамда болобу, кайсы тармакта болбосун аялдар менен эркектердин укугу кошуна башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанда кудайга шүгүр, тең.

Жекшекан айымдын ою боюнча: - Аялдардын коомдогу орду чоң. Аялдар бар болгону үчүн дүйнө жүзү кармалып турат. Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы. Эгемендүүлүктү алгандан бери баш көтөрүп, коомдук иште болобу, башка иште болобу аялдар активдүү катыша баштады.

Учурда аялдар мамлекеттик башкаруунун жана мыйзам чыгаруу органдарында аздык кылышат. Мамлекеттик бийликте жана саясий партиялардын ишинде салт болуп калган эркектердин менменсинүү ыкмасы аялдардын саясатка катышуусуна тоскоол болуп келүүдө, деген пикирлер айтылып келет.
XS
SM
MD
LG