Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

БАЙЫРКЫ ШАЙЛОО: КИМДИН ШАЙЛООЧУЛАРЫ КАТУУ КЫЙКЫРАТ?


Азыр Кыргызстанда парламенттик шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан кез. Төрт жүз чамалуу талапкер депутаттык орунду ээлөө үчүн ар түркүн ыкма, амалдарды колдонуп жаткандыгына коомчулук күбө. Балким, шайлоонун мындай жол- жобосу байыркы кыргыздарда да колдонулгандыр. Буга жооп издегенге аракет кылып көрсөк.

Шайлоо өнөктүгү жыйырманчы кылымда же бүгүн эле чыга калган көрүнүш эмес. Мисалы, байыркы Грекияда жогорку бийлик органдарынын кызматы шайлоо жолу аркылуу чечилген.

Атаандаш талапкерлерди шайлаш үчүн экиге бөлүнүп турган шайлоочулар кыйкырык сүрөөнгө түшүшкөн. Кимдин жактоочулары катуу кыйкырышса, ошол талапкер бийлик өкүлү болуп шайланган. Ушул сыяктуу шайлоо жосунун балким байыркы кыргыздар колдонгондур, болбосо анын жол-жобосу кандай эле деген суроо жаралбай койбойт.

Кыргыз тарыхында шайлоо системасынын болгондугу туурасында так маалымат жок. Бирок айрым фольклордук даректерге таянуу менен тектеш калктардын тарыхында кездешкен фактыларды салыштыруу аркылуу орто кылымдагы Кыргыз мамлекетинде жогорку бийлик кызматы тандоо жолу менен чечилген деп айтууга толук негиз бар.

Ооба, мында биз «шайлоо» менен «тандоо» сөздөрүнө атайы айырма жасаганыбызды төмөндө келтириле турган даректерден баамдаса болот.

Кыргыз тарыхында адеп белгилүү болгон өкүмдарлардын ысымдары Амиби, Цзю-шабоби жана Гэсиби деп айтылат кытай жазма булактарында. Алар өлкөнү чогуу башкарышып, жогорку бийлик алардын аксакалдарынын биринин колунда топтолгон. Жазма булакта келтирилген ушул жупуну маалыматтан кыргыз коомундагы шайлоо системасы түгүл, бийлик формасы туурасында да сөз кылуу кыйын.

Бирок ошол эле кабарды байыркы түрк калктарынын бийлик түзүлүшү менен салыштырып, кыргыздардын башкаруу аппаратынан кабар алсак болот. Мисалы, байыркы хунн, түрк жана уйгур мамлекеттеринде эки башкаруучу уруу болгон. Демек, кыргыз эли байыртадан үч саясий биримдиктен куралып, алардын бирден өкүлдөрү тандоо жолу аркылуу жогорку бийлик кызматына келишкен.

Мындай тандоо жолу «Манас» эпосунун төмөнкү саптарында элестүү чагылдырылат:

"Бул олтурган сексен төрт
Бирөөнү төрө десекчи,
Атын атап төрө деп,
Атын союп жесекчи.
Ак тердикке салсакчы,
Аким кылып, хан кылып,
Улук кылып алсакчы?
Анын айтканына көнсөкчү,
Ушунубуз улук деп
Нускасына көнсөкчү!"

Дастанда эл башкарып, журт камын жей турган болочок ханга мындай талаптар коюлат:

"Чыгым тозор жанынар,
Чындыгыңар баарыңар,
Калп айтпаган чынынар,
Казатка чыгар тыңыңар,
Кандыкка бириң чыгыңар!
Беттешкен жоого белдүүңөр,
Өткүр чечен тилдүүңөр,
Өкмөт жөнүн билчүңөр!"

Ушул сыяктуу маалыматтарды салыштыруу жолу аркылуу, байыркы кыргыз калкы өкүмдарды байлык даражасына карап, калп айтпай, ак жүргөн дилин байкап, акылгөйлүк жана баатырдыгына багып тандашкан.
XS
SM
MD
LG