Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

ЖЕТИМ ЖҮРҮП ЖЕТИЛГЕН, СААН УЙ ЖЕТЕЛЕГЕН ТАЛАПКЕРЛЕР


Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт иштери кызуу жүрүүдө. Кимдир бирөөлөр көгүлтүр экран, гезит бети аркылуу элге өз оюн жеткирүүгө аракет кылып жатса, көпчүлүк талапкерлер эл менен түздөн түз баарлашууга аракет кылууда. Талапкерлер ар кыл мазмундагы ураандары менен шайлоочуларды тартканга аракет кылып жатышат.

Адатта шайлоо кампаниясы программалардын, позициялардын таймашуусу менен коштолот. Талапкерлер массалык каражаттары аркылуу өз программаларын элге жеткирип, керек учурда дебатка чыгышат.

Бирок Кыргызстанда партиялык тизме боюнча шайлоого жол берилбегендиктен программалардын жарышы, системалык күрөш орун алган жок. Ар бир талапкер өз арбайын согууда.

Албетте, оппозициялык маанайдагы талапкерлер бийлик алмашуусу керектигин, коррупциянын каптаганын айтса, башкалар патриоттук маанайдагы ураандарды көтөрүүдө. Талапкерлердин ураандарына токтолсок алар ошол талапкерлердин кимдигине, кесибине эле эмес, улутуна жараша да ар түрдүү.

Маселен, Бишкектеги орус тилдүү талапкерлердин “Биз бул жерде жашайбыз. Алдыда чоң иштер”, “ Көп иштер жасалды. Калганын бирге жасайбыз!” деген ураандары жазылып турат.
Нарындагы №32 Атбашы шайлоо округунан ат салышып жаткан бир талапкер “Акчага эмес, акылга добуш бер!” деп элди өзүнө тартууга аркет кылса, №72 Каракол шайлоо округунан чыгып жаткан талапкер “Болот кантип курчуду” деген урааны менен өзүнүн буга чейинки саясий ишмердүүлүгү жөнүндө кабар берүүдө.

Көпчүлүк талапкерлер мурда сыналган “Эл жакшы жашоого татыктуу”, “Элимдин ооматы, жеримдин кубаты үчүн”, “Балдардын келечеги үчүн”, “Сөзүнө эмес, жасаган ишине кара”, “Биздин күч биримдикте”, “2005-жылы Кыргызстандын тагдырын өзгөртөт!” дегене ураандарды пайдаланууда.

“Интерфакс” маалымат агенттигинин кабарчысы Игорь Шестаков борбордо өзгөчөлөнгөн чакырыктар байкалбаганын билдирди:

- Ураандардын баары окшош. Алардын кээ бирөөлөрү шайлоочуну иренжитет. Маселен, “Кыргызстандыктарга татыктуу жашоо” дегенди алсак, жалгыз депутаттын жалпы өлкө элинин турмушун өзгөртүп жиберери күмөндүү экени баарына белгилүү. Ошондуктан бул чакырык бери дегенде эле мыйыктан жылмаюуну жаратат. Бул өнөктүктөгү бир өзгөчөлүк Орусия менен кош атуулдук киргизүү чакырыгынын көптүгүндө болууда. Бирок аны кандайча киргизүүнүн механизми жөнүндө эч ким эч нерсе айта албай турат.

Кош атуулдук эле эмес, бирдиктүү мамлекеттүүлүктү эңсеген да чакырыктар чыгууда. Маселен, Бишкектеги Тоголок Молдо шайлоо округунан чыккан талапкер айым “Менин мекеним- Советтер Союзу” дегени урааны менен калктын көңүлүн алууга аракеттенүүдө.

Алай шайлоо округунда талапкерлер кандай ураан менен чыгып жатканын жакында эле ошол округда болуп келген Бөдөш Мамырова буларды билдирди:

- Генерал Исмаил Исаковдун урааны “Армиянын генералы, элимдин жоокеримин” деп жазылып турат. Марат Султановдуку - “Бол Марат. Айда Султанов. Тур!” Ал эми Абдыганы Эркебаевдики “Жетим жүрүп жетилген Алайдын кулуну Абдыганы Эркебаевге добуш бергиле” .

№39 Куршаб шайлоо округунан чыккан талапкер, “Өз бактысы үчүн күрөшкөн эл гана бактылуу боло алат” деп ураан чакырган менен, “Силерге чача турган байлык-бийлик топтой албадым.Бирок түз инвестиция катары эки саан уй алып келдим, ошолорду кактап саап иче тургула” деп, бай атаандаштарына шилтеме жасаганын кабарлашууда.

Кандай болгон күндө да ушул жуманын соңунда үгүт иши аяктап, добуш берилет. Кимдин урааны элди арбай алганы ошондо дайын болот.
XS
SM
MD
LG