Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

БИЛИМДҮҮ КЫРГЫЗСТАН, «ТӨӨБАСТЫДА» КАЛГАН «МСН»


КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү системасын эл аралык стандартка жеткирүү, бул жаатта кызматташууну дагы тереңдетүү маселелери Бишкекте өткөн мамлекеттер аралык кеңешмеде козголгон. Дүйшөмбүдө президенттин пресс-катчысы мына ушул маселе жана «МСН» гезитинин айланасындагы кырдаалга түшүндүрмө берди.

Президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаев КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү системасын Эл аралык стандарт деңгээлине чыгаруу, бул жаатта кийинки жылдары арбын кеп боло аштаган Болон процессине кошулуу, сапатка басым жасоо маселелери Бишкекте өткөн мамлекеттер аралык кеңешмеде талкууланып, илимпоз адистер кенен-кесир пикир алышканын маалымдады. Анткен менен, бул жаатта деле азырынча ишке караганда сөз арбын болуп атканын пресс-катчы атайын белгиледи.

- Азыркы биздин милдет ошол процесстердин тиешелүү механизмин иштеп чыгуу. Бизде азырынча экономикалык кызматташуу боюнча, билим берүү тармагында азырынча так аныкталган механизм жок,- деп айтты Абдил Сегизбаев.

«Кабар» маалымат агенттигинин жетекчиси Кубан Абдымен орток илимий казына түзүлөөрүн кабарлады:

- Кеңешмеде Кыргыз-Славян университети менен Москва мамлекеттик университетинин ортосунда илимий парк түзүү тууралуу келишимге кол коюлду. Эки университеттин окумуштуулары биргелешип илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, орток илимий казына түзүшөт. Жыйында Москва мамлекеттик университетинин Кыргыз мамлекеттик университетинде филиалын ачуу ниети да айтылды.

Маалымат жыйынында пресс-катчы Абдил Сегизбаев соңку кездери коомчулук арасында өзгөчө кызыгууну жараткан «МСН» гезитине байланышкан маселеге да токтоло кетти. Пресс- катчы Бишкектеги Ататүрк багынын түштүк батыш ныптасындагы алты гектарга жакын жерди ээлеген чоң үйдүн президентке тиешеси жок деп билдирди:

- Эч кандай тиешеси жок. Сүрөттө тартылган үй – бул мейманкана комплекси. Кечээ күнү эле саммит, эл аралык чогулуш болуп өтпөдүбү. Ошого келгендерди жайгаштырганга орун жок. Ошол максатта салынып аткан мейманкана экен. Мунун президентке, анын үй-бүлөсүнө эч кандай тиешеси жок. Президенттин китепканасы- мыйзам чегинде эл үчүн салынган китепкана. Аны бардыгы колдонсо болот. Анан муну жеке бирөөнүн мүлкү деп берилгени абдан туура эмес.

Президенттин пресс-катчысы «МСН» гезитинде кийинки кездери байма-бай жарыяланып аткан макалалар кимдердин заказы менен чыгып жатканын билишээрин, кийинки төрт ай ичинде эркин басылма чет элдик коомдук уюмдардан 30 миң доллар грант акча алганын маалымдады.

«Асаба» партиясынын жетекчи орунбасары Дөөлөт Нусупов президенттин үйү делген имараттын өкмөттүн мейманканасы болуп калышы анчалык ынандырбайт деген пикирде.

- Мени таң калтырганы, эмне үчүн буга чейин ушул үй жөнүндө эчтеке билбейбиз да, ушул «МСНге» чыккандан кийин гана бийликтегилер «бул президенттер үчүн салынган» деп кыйкырып чыга калышты? Кыргызстанда биртке бирдеме салына турган болсо мактанып жатып калышат эмеспи. Мынакей, жакында үй салабыз деп жар салып,Акаев өзү барып жерпайына бетон төшөгөнгө өзү колкабыш кылып ачылышын жасады.

Өкмөттүн маданий-административдик комплекс куруу демилгесин парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны өткөн жылы карап чыгып, аны мыйзамсыз деп тапкан. Өкмөттүн мейманкана комплексин салып жатканы жөнүндө маалымат кокусунан ачыкка чыгып отурат.
XS
SM
MD
LG