Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

ПРЕЗИДЕНТ ЖАРДАМ СУРАЙТ, ТАЛАСТАГЫ “ТАЗА КОЛДОР”, АКАЕВДЕН КОМПЬЮТЕР АЛГАН АЛИК АКИМАЛИЕВ


22- февралдагы “Аалам” басылмасы президент Аскар Акаевдин “Таза Кыргызстан” долбоорун талкууга алган макалага орун берди. Ал эми “ Агым” гезити парламенттик шайлоого аттанган айрым талапкерлердин мыйзам бузууларын жазып чыкты.

“Агым” гезитинде 22- февралдагы кабарчы Асран Айдаралиев президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков менен маектешкен. Мында алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыктар, шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар, “МСН” жана “Республика” гезиттериндеги макалалар тууралуу кеп болот.

“Мунун баары кара технологиянын бир түрү, элдин көңүлүн бурууга аракет кылган оппозициянын акыркы амалы. Гезитте белгиленген ишканалар ишкерлердин, акционерлердин жеке менчиги экендиктерин билишпейби? Ушундай кара технология, чындыкка сыйбаган ушак- айың оппозициянын куралы болуп калбадыбы?. Бул ыкманы мен бузукулуктун эң барып жеткен чеги деп эсептейм”- дейт президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков.

“МСН” гезити мындай кара өзгөйлүктү мурдатан эле колдонуп, чет өлкөлүк кээ бир уюмдардан миңдеген доллар алып жатканын баарыбыз жакшы билебиз. Кылаар ишти кылып, бет тырмарлык кылып, анан бийлик кысым көрсөтүп жатат деп чуулган салып, чет элден жаңы грант алганга жандалбастап жатышат” дейт Болот Жанузаков.

“Агым” басылмасы бул санында президенттин “МСН” гезитин сотко берем деген билдирүүсү боюнча түрдүү пикирлерди жарыялады. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу “кеп бул маселени сот калыс карап, адилеттик кай жагында экенин туура аныктаганында” десе, “Келкел” жарандык кыймылынын лидери Маматказы Капаров “жеке кызыкчылык үчүн сөз эркиндиги, адам укугу тебеленип, бийлик элдин сөзүн сүйлөгөн гезиттердин үнүн өчүрүп, жаап салууга аракет кылгандыктан сөз эркиндигин коргоп, Акүй алдына пикетке чыгышаарын” билдирген.

“Президент өзү “Кыргызстан- демократия аралы” деп алып, кайра “МСН” гезитин сотко бергени чекилик иш. Сот журналисттер туура жазса да, баары бир президентке жаккан чечим чыгарат” дейт жазуучу Жапар Кенчиев.

22- февралдагы “Аалам” гезитинде журналист Кенжебек Арыкбаев Грузия менен Украинада коррупциянын тамырына балта чабылганын мисал келтирип, президент Аскар Акаевдин “Таза Кыргызстан” идеясын талдоого алат.

“Бүгүн “таза шайлоо”, “таза технология” , “таза колдор”, жалпысынан “Таза Кыргызстан” деген дагы бир Акүй урааны менен барабан- сурнай кагылып, парламенттик шайлоого кирип баратабыз. Далайлардын тагдырын, мамлекеттин келечегине таасир берчү парламенттин жүзү ачылаар күн аз калды. Акүйдүн бир гана тосмосу калды. Мыйзам чыгаруу жыйынынын көзөмөлдөөчү пакетин чөнтөгүнө салса- кыргыз мамлекетин менчиктештирди деп толук айтса болот. Жүргүзүлүп жаткан саясат ошого баратат”- деп жазат автор.

Ушул басылмада кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындайча билдирди:

- Шайлоонун “шайтан оюндарын” талдоого алган “Эртең эмне болот?!” деген макалабыз жарыяланды. Журналист Аскер Сакыбаеванын Талас облусунан жазып жиберген “ Таластын “таза колдору” деген макаласында №54 Талас шайлоо округунда “шайлоонун шайтан оюндары” кандай ыкмада өтүп, кимди ким колдоп жатканы тууралуу кеп болот. Ошондой эле белгилүү социолог Кусейин Исаев окумуштуулар, илимпоздор жана журналисттер менен бирдикте жүргүзгөн иликтөөсү жарык көрүп, өлкөдөгү саясатчылардын бедели, кадыр- баркы тууралуу иликтөө жүргүзгөн.

21-февралдагы “Вечерний Бишкек” басылмасында кабарчы Кубанычбек Мукашев Шериктеш өлкөлөрдүн илимпоздорунун Кыргыз улуттук илимдер академиясында өткөн кеңешмеси тууралуу баяндап, Москва мамлекеттик университетинин Бишкекте филиалы ачылаарын маалымдады. Ошондой эле президент Аскар Акаевдин өткөн жумадагы журналисттер менен жолугушуусу, анда алдыдагы шайлоо таза, адилет өтөөрү, элчилерди кийинки парламенттик шайлоого катыштыруу үчүн өлкөнүн Конституциясына да өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу айтканы талдоого алынды.

22- февралда басууга даярдалып жаткан “Адабий гезит” жумалыгында президент Аскар Акаевдин кабыл алуусунда болуп, компьютер белек алган акын Алик Акималиев жана жаш акын Бактыгүл Касиянов менен маектер, ардагер Эсенгул Сыдыковдун Искак Разаков менен болгон жолугушуусун эскерүүсү, кытайлык кыргыз Алмагүл Беки кызынын ырлары жарыяланып жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG