Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Чолпонатада жер боюнча кырдаал курчуду


ЫСЫККӨЛ. Чолпоната шаарынын көпчүлүк дыйкандарына жер үлүшү он жылдан бери берилбей келатканына нааразы болгон эл мечиттин жанына чогулушту. «Биримдик» дыйкан чарбасынын башчысы Тилек Мондуков мурдакы жетекчинин жер бөлүштүрүүдөгү одоно каталыгын, оңдоого кеткен техникалардын кайтарылбаганын билдирип, бул боюнча сот органдары менен бирдикте текшерүү ишин баштоону сунуштады. Ал эми «Көгүлтүр Ысыккөл» эс алуу жайына жакын жерден участок ала тургандар облустук губернатор Токон Шайлиеванын улуттук телеканал аркылуу жер берилди деген маалыматын төгүнгө чыгарышты.Демилгелүү топтун башчы Жанна Аденова өкмөт башчысына, президентке кайрылуу жасаарын маалымдады. Элдин мындай чечимин жер боюнча инспектор, айыл аксакалдары, шаардык кеңештин беш депутаты колдоого алып жатышат.

XS
SM
MD
LG