Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

«Рентонгруп» аманатчылары алданбайт


БИШКЕК. “Айрым депутаттыкка талапкерлер «Рентонгруп» ишканасына алданган атуулдарды өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет жасап жатышат, бирок биз алданбайбыз”. Мындай пикирин 21-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында «Рентонгруп» ишкана жетекчилигине алданган атуулдардын демилгелүү тобунун өкүлдөрү Татьяна Догазиева жана Исмаил Жолчуев билдиришти. Алар Кыргызстандын аткаруу бийлиги бир жылдан ашуун убакыттан бери алардын акчасын кайтарып бербей жаткандыгын айтышып, арызы өлкөдөгү сот инстанцияларында каралып бүткөндөн кийин кыргыз өмөтүн сотко бере тургандыгын билдиришти. «Рентонгруп» ишкана жетекчилиги 2003-жылдын август айында 3 миңдей аманатчынын 200 миллион сомдой акчасын алып чет өлкөлөргө качып кеткен.

XS
SM
MD
LG