Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

Парламенттик шайлоого алты күн калды


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жыйырма биринчи февралга карата 75 депутаттык орунга республика боюнча 397 талапкер ат салышууда. Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери өлкө боюнча депутаттыкка 473 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 427 атуул округдук шайлоо комиссиялары тарабынан каттоого алынган. 32 талапкер шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тартып, 6 талапкер ар кандай себептер менен катталбай калган. Катталган талапкерлердин арасында Мыйзам чыгаруу жыйынын 48, Эл өкүлдөр жыйынынан 36 депутат бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG