Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Өкмөтчүл байкоочулар көбүрөөк катышат


БИШКЕК. БШКнын маалыматына караганда, шайлоого ЕКК уюмунан 170 байкоочу, КМШ өлкөлөрүнөн жүздөй, ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмунан узак мөөнөткө 120, ал эми кыска мөөнөткө 1700 байкоочу көз салышат. Жогорудагы эркин байкоочулар менен катар эле шайлоого Кыргызстандын аткаруу бийлигин колдогон бейөкмөт уюм жана коомдук бирикмелерден да байкооочулар даярдалды. Маселен, «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар коалициясынан» эки миң байкоочу добуш берүүгө көз салып, үч миң байкоочу атаандаш түрдө добуш саноого камданышууда. Ошондой эле шайлоого Кыргызстан элдер ассамблеясынан 800, Жергиликтүү жамааттар конгрессинен 2500, Демократиялык коопсуздук кеңешинен 400 байкоочу катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG