Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

«Арнамыс» эл аралык уюмдарга кайрылды


БИШКЕК. 21-февралда «Арнамыс» партиясы «МСН» гезитинин айланасындагы жагдайга байланыштуу билдирүү таратты. Анда партия эл аралык бейөкмөт уюмдарды, демократиялык өлкөлөрдү, саясий партияларды жана каржы институттарды Кыргызстандагы жагдайга кайрадан баа берүүгө чакырган. Кайрылууда Кыргызстан демократия аралчасынан мыйзамсыздык аймагына айланып бараткандыгы белгиленип, президент Аскар Акаев милдетин алган эл аралык келишимдер одоно бузулуп жаткандыгына байланыштуу санкция киргизүү чараларын колдонууну сунуштаган. Партия кайрылуусунда Карабуура, Аксы окуялары, партиянын башчысы Феликс Куловдун түрмөдө отурушу, оппозицияны куугунтуктоо, “Рентонгрупп” чатагы өңдүү мисалдарды келтирген. Мындай билдирүүнү «Арнамыс» партиясы мамлекет башчысы «МСН» гезитин жалаа жапты деп сотко берүү ниетин билдиргенден кийин даярдаган.

XS
SM
MD
LG