Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Бир террорчу өзүн өзү жардырып жиберди


МОСКВА. Орусиянын коопсуздук күчтөрү мындан беш күн мурда – 16-февралда түбү Кувейттен болгон Абу Жейт аттуу террорчу Ингушетияда козголоңчуларга жасалган чабуул маалында өзүн өзү жардырып жибергенин жарыялашты. Алдын ала маалыматтарга караганда Абу Жейт “Аль-Каида” менен кызматташып келген деп айтылат. Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлү Сергей Игнатченконун маалыматы боюнча Абу Жейт эки чоң кылмышка катышы болгон:

– Бул террорчу 2004-жылы Ингушетиянын ички иштер министрлигине кол салууга акча берип, ал кылмышка түздөн-түз өзү да катышкан. Ошондой эле ал Бесландагы мектепти барымтага алуу планын иштеп чыгууда да чоң рол ойногон.

Бүгүн өткөн өкмөт жыйынында президент Владимир Путин Кабардин-Балкарияда өткөрүлүп жаткан козголоңчуларды тазалоо операциясын аягына чейин чыгарууну ички иштер министри Рашид Нургалиевге тапшырды. “Бул иштер Түндүк Кавказдагы абалды жакшыртууга оң таасирин тийгизет деген ишемдемин”, - деди президент.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG