Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Кубат Оторбаев, Прага Өзбекстанда ислам экстремисттери деп айыпталгандарды сот жообуна тартуу кадимки көрүнүш болуп, адатка айланып баратат. Бирок өткөн аптада радикал исламчы деп айтууга дегеле болбой турган катардагы мусуландар соттолду. Радикалдарга да, “Хизб ут-Тахрирге” да кайнаса каны кошулбаган суфилердин өкүлдөрү конституциялык бийликке коркунуч келтирген кылмышкерлер катары айыпталышты.

17-февралда Рашид Тошматов менен Нурали Умирзаков алты жылдан мөөнөт алышты. Экөөнү тең куулук-шумдугу жок катардагы мусулман деп айтууга болор эле. Алар исламдын эң зыянсыз агымы болгон суфизмди туу тутуп, кыргызча айтканда, сопу катары тирилик кылышчу. Бирок сот алардын мунусун эске алган жок.

Өздөрүнө сөз берилгенде Тошматов дагы, Умирзаков дагы алар 14-кылымда Бухарага жакын жерде туулган улуу ойчул Бахоуддин Накшбандинин окуусун улантуучу экендигин айтышты. Бахоуддин Накшбанди ислам дининин кадырлуу өкүлү жана суфи окуусун негиздөөчү болуп эсептелет.

Буга чейин суфилерге Өзбекстандын бийлиги эч кандай кине коюшкан эмес эле. Бахоуддин Накшбандинин өзүнүн сөөгү коюлган жерге – Бухаранын жанындагы Каср-и-Орифон айылына сыйынып-таат кылуучу комплекс ачылып, ал жерден киши аягы үзүлбөйт.

Бирок сот Рашид Тошматов менен Нурали Умирзаковду конституциялык бийликке, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтире турган адабият, баракчаларды даярдап, тараткан деп күнөөлөдү.

Прокуратуранын айыптоосу боюнча Тошматов менен Умирзаков сопу эмес эле, “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү болуп эсептелет.

Чечим чыгарарда судья Мухиддин Сайфиддинов дагы ушул көз карашты негиз кылды. Анын айтымында, айыпталып жаткандардын жанынан “Хизб ут-Тахрирдин” баракчалары табылган.

Сотто 40 жаштагы Рашид Тошматов “биз Накшбандинин окуусун улантуучубуз, "Хизб ут-Тахрирдин" идеологиясын дегеле колдобойбуз, диний экстремизмге биз өзүбүз каршыбыз” деп жалынып-жалбара, акыйкат чечим чыгарууну өтүндү. Бирок соттун чечими катаал болду.

Темир торго камалган Тошматов менен Умирзаков “биз айыпсызбыз, баракчаларды бизге өздөрү ыргытышты, бул чагым!” деп кыйкырышты.
Муну соттолгондордун адвокаты Мехмон Юсупов дагы бышыктады.

Ал эми Рашид Тошматовдун атасы Боборахим соттун мындай катаал чечимин күтпөгөндүгүн айтат. Суфилер "хизб ут-тахрирчилерден" айырмаланып, саясатка кийлигишпейт, эгер менин уулумдун “хизб утчуларга” же ваххабиттерге байланышы бар экендиги билинсе мен аны өзүм эле жазаламакмын, дейт көзүнөн жаш тегеренген аксакал.

Рашид Тошматовдун бир тууган иниси Оруф агасы экөө намазга жыгылып, кудайга сыйынгандан башка эч кимге зыян кылбаганын айтты. Ал эми адвокаттар жана укук коргоочулар сот Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелерин бузуп, чечим кабыл алганын белгилешти.

Укук коргоочу Рахматууло Алибаев мамлекет тарабынан башталган экстермизмге жана терроризмге каршы күрөш кампаниясы жаңы курмандыктарды талап кылып жатат, күч органдары “хизб ут-тахрирчилерди” камап бүтүп, эми катардагы момун мусулмандарга киришти деп билдирди.

Ал эми башка бир атын атагысы келбеген укук коргоочу сот чечим кабыл алаарда мыйзамды эмес, жогорудан түшкөн көрсөтмөгө негизденди дейт. “Соттун жүрүшүндө алардын айыптуу экендиги далилденген жок, бирок судья жогорудан түшкөн буйрукту так аткарганы көрүнүп калды,” деди укук коргоочу.

Өткөн аптада Анжиянда дагы бир “Акромия” деп аталган диний агымдын 23 мүчөсүнүн үстүнөн сот иши башталды. Алардын баары конституциялык бийликке каршы чыккан деп айыпталып жатат.

Укук коргоочу Лутфилла Шамсутдиновдун пикиринде, алар күч органдарынын кызматкерлери жогору жакка экстремизмге каршы күрөшүп жатабыз деп отчет бериш үчүн гана камалып, сот жообуна тартылып жатат.
XS
SM
MD
LG