Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү


БИШКЕК. Метеорологиялык борбордон маалымдашкандай февралдын жыйырма үчүнөн жыйырма бешине чейин республиканын Чүй, Талас, Ош, Жалалабат, Баткен облустарында тынымсыз жаан-чачындын болушу жана кардын тез эришине байланыштуу ойдуң жерлерге суу толуп, ташкын болушу күтүлүүдө.

23-февралда республика боюнча маал-маалы менен жамгыр аралаш кар жаайт
ЧҮЙ өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -3 +2 градус, күндүз +1...+6 градус жылуу болот.
ТАЛАСТА түнкүсүн –2...-7 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.
ЖАЛАЛАБАТ, БАТКЕН, ОШ чөлкөмдөрүндө түнкүсүн –4 +1 градус, күндүз +1...+6.
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз +3.
НАРЫН облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -8...-13 градус суук.
БИШКЕКТЕ мезгил-мезгили менен жаан-чачын болуп турат. Абанын температурасы түнкүсүн -1 +1, ал эми күндүз +2...+4 градус жылуу болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG